Молукка аралдары (Moluccas, Maluku) – Малайя архипелагынын чыгыш бөлүгүндөгү аралдар тобу; Сулавеси жана Жаңы Гвинея аралынын аралыгында.
Индонезиянын аймагы. Аянты 83,7 миң км2. Калкы 1,2 млн (2010). Негизги аралдары – Хальмахера, Серам, Буру. Аралдары тоолуу (Биная чокусу, 3019 м). Онго жакын аракеттеги жанартоо бар; жер титирөө болуп турат. Климаты экватордук, түштүгүндө субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 800–4000 мм. Аймагынын 80%тен ашыгын дайыма жашыл экватордук (пальма, фикус, дептерокарп, бамбук) токой ээлейт; 1200 м бийиктен жогору жалбырагы күбүлмө жана ийне жалбырактуу токой, түздүктөрүндө бадалдар, дарак сымал папоротниктер, иланг-иланг чөбү өсөт. Сачо жана курма пальмасы, жыпар мончок дарак, мускус жаңгагы, шалы, жүгөрү, жыттуу, калемпир жана башкалар. татымалдар өстүрүлөт («татымалдар архипелагы» деп да аталат.) Негизги порту – Амбон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Молукка аралдары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.