Шаар – жашоочулары, эреже катары, айыл чарбасынан тыш чөйрөдө алектенишкен калктуу конуш.
КРде төмөнкүдөй шаарлар айырмаланат: республикалык, облустук, райондук баш ийүүдөгү шаарлар. Республикалык баш ийүүдөгү шаарлар категориясына калкынын саны 300 миң адамдан кем болбогон, өнүккөн өнөржайга жана шаар чарбасынын баардык бөлүмдөрүнүн инфратүзүмүнө ээ жана республикалык маанидеги экономикалык жана маданий борбор болгон, жетекчиликти түздөнтүз КР республикалык бийлик органдары ишке ашыруу максатка ылайык келген калктуу конуштар кириши мүмкүн. Облустук баш ийүүдөгү шаарлар категориясына калкынын саны 30 миң адамдан кем болбогон, өнөржайлык жана транспорттук түйүн же борбор болгон, кыйла өнүккөн коммуналдык чарбага ээ жана өнүккөн экономикалык жана маданий борбор болгон калктуу конуштар кириши мүмкүн. Райондук баш ийүүдөгү шаарлар категориясына өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар кириши мүмкүн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Шаар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.