Дин

Дин — араб тилинен келген сөз лексикалык жактан: акыбет, жаза, өкүм, саясат, баш ийүү, сыйлык, улут, шарият сыяктуу бир топ маанилерге барып такалат.

Дин
Дин

Илимде

Адамдын жана адамдардын аң-сезиминде, кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда, иш-аракеттеринде өзгөчө таасирге ээ рухий көрүнүш; 1) табынуу, сыйынуу объектиси болуп саналган табияттан тышкаркы күчтөргө (Кудайдын кудуретине, арбактарга) берилип ишенүүгө негизделген түшүнүмдөр, ишенимдер, элестер, аң-сезимдер жыйындысы; 2) адам менен Кудайдын (же табияттан тышкаркы күчтөрдүн) ортосундагы мамилелер системасы, санжабы; 3) ишенимдердин, таатибадаттардын, табынуу-сыйынуулардын маңызын билдирген жалпы атамасы.

Теологияда

Кудайды аңдап билүүгө, анын чексиз улуу кудуретине терең ынаным менен таанууга алып баруучу бирден бир жол; адамзат түзгөн илим-билим түрлөрүнүн эч бири Кудайды аңдоого, анын кудуретин таанууга жана түшүнүүгө жөндөмсүз делет.

Атеизмде

Бир же бир нече кудай бар, табияттан тышкары кереметтүү илимге кайып күчтөр бар деген ишенимге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Дин түшүнүгүнө диний мекемелер (мечит, чиркөө, буткана жана башка) жана диний кызматкерлер (бакшы, поп, молдо жана башка) да кирет. Анын белгиси реалдуу дүйнөдөн тышкары сырдуу күчтөр бар экенине, аңдабастан, сокур ынануу; табияттагы же коомдогу кадыресе эле көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, байланыштардын, мыйзамченемдердин аңсезимде укмуштанып, теңирден тескери чагылышы («адамдардын башында, алардын күнүмдүк турмушунда үстөмдүк кылган сырткы күчтөрдүн фантастикалык чагылуусу жердеги күчтөр, жердик эмес формага ээ болгон чагылуу» Ф. Энгельс). Диндин тарыхта белгилүү алгачкы түрлөрү: магия, тотемизм, фетишизм, анимизм дагы ушул сыяктуу. Тарыхый өнүгүү формалары: уруулук, улуттук-мамлекеттик (этностук), дүйнөлүк (буддизм, христиан, ислам).

Колдонулган адабияттар

Tags:

Дин ИлимдеДин ТеологиядаДин АтеизмдеДин Колдонулган адабияттарДин

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЖерМолдоваМээАйлана-чөйрөнү коргооОрфографияАпрель революциясыКыргыз алфавитиРельефтин жалпы мүнөздөрүЖемиштерЖандоочТөлөгөн КасымбековКомпьютердик вирусАвстралияБиринчи майШатман СадыбакасовБанкЭркектердин улуттук баш кийимдериКушКалктын жыштыгыМыйзамдуулук (мыйзам үстөмдүгү)Тике сөзСуу сактагычОкутуу методу«Манасчылар»Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсүКыргыз-Ойрот согуштарыШүкүрбек БейшеналиевБиринчи жардамАнтропогендик факторлорКыргызстандын мамлекеттик тилиСинонимИч көбүү (метеоризм)Жолон МамытовЧолпонМамлекетБиосферадагы глобалдык көйгөйлөрКөркөм өнөрТил катТамеки чегүүБайламталарЖасалма интеллект деген эмне?Ош облусуЭтиштин чактарыМедицина-генетикалык консультацияКөмүртекЭки миң сомКомпозицияАк кеме (чыгарма)Аба транспортуКөп маанилүү сөздөрКурмангазы Сагырбай уулуТабигый ресурстарГүлКар көчкүРоботДарыяКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыКитептин тарыхыКүкүртЖумушсуздукБайламтаМеталл куймаларыСезүү мүчөлөрүСоветбек БайгазиевКаратма сөзОй жүгүртүү (философия)Калашников автоматыБышыктоочInstagramБайтик баатырУрбанизацияБака жалбыракАндронов маданиятыИсторизмдерКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыВест-Индия🡆 More