Юдахин, Константин Кузьмич (1889-1890-1975) - чыгаан түрколог окумуштуу, кыргыз таануучу.
Константин Кузьмич Юдахин 1890-жылы падышалык Орусиянын Орск шаарында туулган.
1910-жылы Ташкендеги Түркстан мугалимдер семинарийин бүткөн.
1925-жылы Орто Азия мамлекеттик университетин аяктаган.
1949-жылы филология илимдеринин доктору наамын алган.
1952-жылы Өзбекстан Илимдер академиясынын кабарчы-мүчөсү болуп шайланган.
1954-жылы Кыргызстандын Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.
Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) Кыргыз тили кафедрасынын профессору болгон, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер наамын алган.
Константин Кузьмич Юдахин 1927-жылы өзбек-орус сөздүгүн, 1928-жылы уйгур-орус сөздүгүн түзүп жарыялаган.
1940- жана 1965-жылдары кыргыз-орус сөздүгүн жарыялаган.
1944- жана 1959-жылдары орус-кыргыз сөздүгүн жарыялаган.
Кыргыз сөздүгүн түзүүдө ага кыргыздын түрколог окумуштуусу, тилчи, академик Кусейин Карасаев өзгөчө жардам берген. Дагы бир кыргыз тилчиси - Ж.Ш.Шүкүров да өзүнө жардам бергенин К.К.Юдахин 1965-жылы чыккан кыргызча-орусча сөздүгүнүнү кириш сөзүндө белгилеген (6-бет).
2002-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин маңдайына К.К.Юдахиндин айкели тургузулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Юдахин Константин Кузмич, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.