Эркин Ыр

Эркин ыр, верлибр (фр.

– верлибр) – ыр түзүлүшүнүн айырмалуу бир түрү. Эркин ыр ар түрдүү системага кирүүчү ыр түзүлүштөрүндө (басымчыл, муунчул, муунчул-басымчыл) өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Ыр түзүлүшүнүн бул түрүндө ыр саптарынын бирдей муун өлчөмдөрдө сөзсүз болушу, басымсыз же басымдуу болушу шарт эмес, мында негизги нерсе интонацияга, ритмге, паузага, эмоцияга, декламациялуулукка маани берилет. Эркин ырдын жаңы – ыргак менен интонация. Автордук идеяга кызмат кылуу үчүн бөтөнчө маанидеги сөздөр өзүнчө бир сапты түзүп турушат, ошондой эле ар бир ыр сабы интонациялык жактан бөлүк-бөлүккө ажырабай бүтүн болот, б. а. бир топ бирдиктүү бир интонация менен айтылат. Саптардагы ыргактуулук ар кыл болот. Эркин ырда уйкаштык кыйла эркин болот да, салттык ырдагыдай жуп, аттама, аксак, оромо, шыдыр уйкаш деп классификациялоо эрежесине баш ийе бербейт. Муну менен эркин ырда уйкаштык жок же чачкын болот деш да болбойт. Анда негизги өзгөчө элемент катары болбосо да, уйкаштык бар. Мисалы,


Жолдошум, сен,
Тышка чык.
Кабинетке камалба.
Мында кел,
Турмуш арала.
Эл да,
Жер да,
Өмүр да,
Миң кубулуш
Сен көрө элек
Кызык турмуш
Баары мында.

(М. Элебаев)

Акын мында салттык ырдын талаптарына ылайык ритмикалык бирдиктин, муун саптарынын бирдейлигин сактабай жатат, кээ бир маанилүү сөздөр (эл да, жер да, өмүр да) өзүнчө бир ритмикалык бүтүндүктөгү сапта турат. Уйкаштыкты «камалба» – «арала», «миң кубулуш» – «кызык турмуш» деген сөздөр түзүп турат. Эркин ыр кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында (жаңылмачтар, табышмактар, калптар, эпостор) сейрек көрүнүш болсо да учурайт. Кийин Тоголок Молдонун тамсилдеринин айрымдары ушул формада жазылган. Советтик доордогу М. Элебаевдин поэзиясынын басымдуу бөлүгү, А. Токомбаевдин, А. Осмоновдун, Ж. Турусбековдун, Р. Шүкүрбековдун айрым ырлары Э. ырдын талаптарына ылайыкталган. 50–60-жылдарда кыргыз поэзиясына С. Эралиев, Р. Рыскулов, М. Абылкасымова, О. Султанов, Ж. Мамытов, С. Тургунбаев, Т. Муканов өңдүү «эркин ырчылардын» зор тобу келип, поэзиянын бул формасы адабиятыбыздан биротоло очок алып калды.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Tags:

ИнтонацияЭмоция

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Өспүрүм балдарБиринчи мугалимАвстралияЖаңылмачТуберкулёзСайтИскусствоБасыз, урууЕвразияКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүЭлдик революцияМоголстанДен соолукЖаратылышМетафораЖезБаш ооруҮндүү тыбыштарӨпкөнүн сезгенишиТогуз коргоолБоорЖарандык коргонууТарбиялоо принциптериБаланын психикасынын өөрчүшүУлуу жибек жолуМекенчилдикКет БукаТкандар (биологияда)Молдо КылычГеографияБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмАльберт ЭйнштейнКөкө уулу ЖеңижокСан атоочПротоколКомуз күүсүАнтропогендик факторлорЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыАта-энелик укуктар жана милдеттерТагай бийАбсамат МасалиевОш коогалаңы (1990)Ой жүгүртүү (философия)ДарыларБуудайДраматургияЭмгекКубат бий, Калча уулуКыргыз оюм чийимдериКотормочуЗат алмашууСинонимӨсүмдүкБоз үйдүн негизги жабдууларыКосмонавтикаАлмамбеттин баяныНеологизмдерОмонимдерБабурШүкүрбек БейшеналиевЖантай БаатырЖашоо үчүн күрөшНитробирикмелерБоз үй тигүүКалендарьКөп маанилүү сөздөрКол өнөрчүлүкЖумушсуздукКыргызстан тоолоруЖасалма интеллект деген эмне?Жердин экологиялык маселелериКалп(адабият)Дүйшөнкул ШопоковЫктымалдуулук теориясыЖемиштерЫсык-Көл облусунун табияты🡆 More