Мукай Элебаев — акын, жазуучу, котормочу.
Түп районунун Чоң-Таш айылында 1906-жылы туулган.
Мукай Элебаев | |
Элебай уулу Мукай | |
Туулган датасы: | 15 үчтүн айы 1906 |
---|---|
Туулган жери: | Чоң-Таш айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу |
Өлгөн датасы: | бугу 1944 |
Өлгөн жери: | Псков облусу |
Чыгармачылык жылдары: | 1924—1944 |
1916-жылы көтөрүлүштө эл менен бирге Кытайга барат.
1917-жылы кайра Ысык-Көлгө келет.
М.Элебаев 1921-жылы Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка алынып, Түп районундагы зооветтехникумга өтөт.Анда үч жыл окуп, Фрунзедеги борбордук педтехникумга которулуп, аны 1930-жылы бүтүрүп чыгат.
1924-жылы Мукай Элебаевдин «Зарыгам» аттуу ыры «Эркин Тоо» гезитине басылып чыгат.
М.Элебаевдин 1931-жылы биринчи ырлар жыйнагы чыккан.
М.Элебаевдин мурастары советтик кыргыз адабиятында көрүнүктүү орунда турат.
1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1936-жылы Узак жол автобиографиялык романы жарык көргөн. Бул алгачкы кыргыз роман.
1943-жылы фашизмге каршы согушка аттанып
1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон.
М.Элебаев чебер котормочу болгон. Ал Гогольдун «Шинель», «Өлүк жандар», Л.Толстойдун Хажы Мурат, Фурмановдун «Кызыл десант» жана «Козголоң», Пушкиндин «Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу» жана М.Горькийдин, В.Маяковскийдин, Франконун, Сурковдун чыгармаларын которгон.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылындагы орто мектепке, Ош облусундагы Базар-Коргон районундагы №1 орто мектебине М.Элебаевдин ысмы коюлган.
«Узак жол» романы орус, латыш, түрк тилдерине которулган. «Кыйын кезең» түрк тилине да которулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мукай Элебаев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.