Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ, англ. International Labour Organization (ILO)) ― 1919-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм.
1946-жылы ЭЭУ БУУнун эң алгачкы адистештирилген мекемеси болуп калган. 2005-жылга карата ЭЭУга 178 мамлекет (анын ичинде КР да) кирет. ЭЭУ эмгек шартын коргоо жана жакшыртуу, жумуш менен толук камсыз кылуу, жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатуу, ишкерлер менен эмгекчилердин өзара кызматташуусун чыңдоо максатында өкмөттөрдү, ишкерлерди, эмгекчилерди теңдеш абалда бириктирип турат. Конвенциялар менен сунуштарды иштеп чыгат. ЭЭУ түзүмүн: Эларалык эмгек жыйыны, Административдик кеңеш, Эларалык эмгек бюросу, үч тараптуу комитеттер, аймактык жана атайын жыйындар түзөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эл аралык эмгек уюму, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.