Чоробаев, Абдыкалык

Абдыкалык Чоробаев (1896-1979) - кыргыз элинин атактуу акыны, дастанчысы, фолклор таануучуусу

Кыскача өмүр таржымакалы

Акын Абдыкалык Чоробаев Ички Теңир-Тоо аймагында, азыркы тапта Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Куртка деген жерде 1896-жылы туулган. Ал кезде Ак-Талаа жергеси падышалык Орусиянын отордук (колониялык) аймагы болчу. 1914-жылы Анжиян шаарындагы диндик медресеге окууга жиберилген. Кыргыз тилинен башка да арап, чагатай түрк тилдерин мыкты билген.

1917-жылы Октябрь революциясын Тогуз-Тородо тосуп, Курткага келип иштейт, 1920-жылга чейин дыйканчылык менен алектенген.
1920-жылы Ташкендеги мугалимдердин алты айлык даярдоо курсун бүтүп келип, 1925-жылга чейин башталгыч мектептерде мугалим болгон.

1925–1939-жж. райондук, айылдык советтик аппараттарда иштеген.

1940–1942-жж. айтылуу жазгыч акын Тоголок Молдонун адабий жардамчысы болуп дайындалган. Негизи, аны менен 3 жылдай чогуу иштеген.

1942-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил, адабият, тарых институтунда иштеген.

Чыгармачыл жолу

1940-жылдан баштап, республикалык, райондук гезит, журналдарга ырлары чыга баштаган. Ошол жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө алынат.
1956-жылы «Жаңыл Мырза» деген китеби жарык көргөн.

1958-жылы балдар үчүн «Мышык баяны» деген китепчеси декадага арналып, Кыргызокуупедмамбастан жарыкка чыккан.


Сыйлыктары. Наамдары

Ага 1976-жылы «Кыргыз ССР көркөм өнөрүнө (искусствосуна) эмгек сиңирген ишмери» деген наам берилген.

«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалынын ээси.


Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эл депутаттарынын Куланак райондук кеңешине депутат болуп шайланган.

Чыгармалары

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз элинин даңазалуу акыны, дастанчысы, фолклор таануучусу Абдыкалык Чоробаевдин (1896-1979) "Тандалган чыгармалары" жарык көрдү (Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5.). Бул китепте кыргыз фольклорунда арбын учураган эски сөздөрдүн мааниси чечмеленип берилген. Мисалы, "баяндос" - көрпөчө; "бута" - баалуу чычкан териси; "дарра" - кум шыкаган камчы; "зит" - кекти ичке сактоо; "зоолу" - камалган кишинин мойнуна тагылчу чынжыр; "кыбачы" - көзөмөлчү; "лаббас" - кийим (бул арапча "либас" сөзүнөн); "мунажат" - тилек; "наштар" - тамырдан кан алчу жарак; "сардар" - аскер бөлүгүнүн башчысы; "наал" - өтүк такасы; "сарпай" - кийит; "үпчүн" - ат жабуу; "улапа" - сыйлык; "үртүк" - ат жабуунун эң коозу; "чүрпө" - дары чыгып турчу көзөнөк; "Шибээ" - Чүйдүн башынан аягына кеткен чоң жолдун аталышы; "эрам" - касиеттүү көйнөк, кепин (салыштырыңыз: "ихрам" - ажылык маалында кийилчү өзгөчө кийим; арап сөзү); ж.б.


Кыргыз тилинде

Жаңыл Мырза: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 221 б.

Мышык баяны: Легенда. Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 22 б.

Тайлак баатыр: Казал. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 115 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 86 б.

Жети баатырдын өлүмү: Поэма. Мектеп жашындагы балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1966. – 43 б.

Жаңыл Мырза: Поэма.- Ф.: Кыргызмамбас, 1966. – 216 б.

Алп Тобок: Уламыштар.– Ф.: Мектеп, 1970.–54 б.

Тандалган чыгармалар: Ырлар, легендалар.– Ф.: Кыргызстан 1976. – 164 б.

Токсон суроо: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 104 б.

  • Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5.

Ал тууралуу адабият

  • Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5. - Б. 356-384.

Интернеттеги шилтемелер

Tags:

Чоробаев, Абдыкалык Кыскача өмүр таржымакалыЧоробаев, Абдыкалык Чыгармачыл жолуЧоробаев, Абдыкалык Сыйлыктары. НаамдарыЧоробаев, Абдыкалык ЧыгармаларыЧоробаев, Абдыкалык Ал тууралуу адабиятЧоробаев, Абдыкалык Интернеттеги шилтемелерЧоробаев, АбдыкалыкАкынДастанчы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Сөз айкашыЖыланӨпкөАрстанбек Буйлаш уулуЭки миң сомЖөндөмөЖылдызТүштүк-Батыш АзияБышыктоочторОмор СултановЭволюцияНатрийКыргызстанКытайКан тобуПротоколИсхак РаззаковСибирь кыргыздарыБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарОрмон ханЛексикологияГенетикаКан басымыСырдык сөзОрто кылымдардагы чыгыш жазуу эстеликтериЧернобыль авариясыЖанрЩелочтуу жер металлдарыБаш сөөкСаякбай КаралаевКыргызстандын экологиялык көйгөйүМеркурийДем алуу системасыКыргыз улуттук оюндарыКүкүрт кислотасыБаш мүчөЭклиптикаЖаныбарОрто кылымдарСатираВ тобундагы витаминдерЗат жана энергия алмашууКурт-кумурскаНаймандарКалдыксыз технологияКыргызстан Олимпиада оюндарындаБилим берүүБелокПсихологияАжы бийӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиАк Мөөр (поэма)Даван мамлекетиЫсык-КөлБөлүкчөКислоталар жана негиздерДаникеев, ӨскөнМамлекетУулуу жаныбарларБоз үйБашкы баракТерминологияТүлкүлөрНамазКыргызстандын гербиФизикалык чоңдуктардын бирдиктериПродуценттерТамеки чегүүКайра курууКиринди сөзЖарыкМодал сөздөрКалендарьКызыл алма (тасма)ЛирикаМыйзам (укук)🡆 More