Чачыкей

Чачыкей — Манас эпосунун каарманы, Семетейдин аялы.

Шаатемирдин кызы. Айчүрөккө карама-каршы турган образ. Чачыкейдин образы эпоско Айчүрөктүн элесин тереңдетүү, адамдык асыл сапаттарын терс жактары менен карама-каршы коюу аркылуу дааналап ачып, Семетей үчүн тагдырына буюрган колуктусу Айчүрөктүн ролун белгилөө үчүн киргизилген. Ч. башкы баатырга ылайык жар эмес, эпостук салт боюнча баатырдын аялына коюлуучу талаптарга жооп бере албайт. "Манас" эпосунда Семетей Айчүрөккө үйлөнгөнгө чейин анын жоо кийимин тигип, сарамжалын көрүү милдети аялы Ч-ге эмес, энеси Каныкейге жүктөлөт. Ч. эпосто өзү катышкан окуялардын өнүгүшүндө жана чиеленишине ачык из калтырат. Жүрүш-турушу, мамилеси менен угуучулардын жек көрүү сезимин пайда кылат. Чачыкейдин Семетейди издеп келген Айчүрөктү кордошу биринчиден анын адамгерчилиги жогун көргөзсө, экинчиден көп аял алуу салтына байланыштуу келип чыккан күнүчүлүктүн көрүнүшү. Ч-дин образы аркылуу эпосто колунан иш келбеген чоркок, эл тагдырына кош көңүл караган пассивдүү, оюн-күлкүдөн башканы ойлобогон жалкоо, өз кызыкчылыгы үчүн оңой эле чыккынчы болуп чыга келген аялдын элеси берилген. Чачыкейдин максатташы, жардамчысы, таянычы, тилектеши, сырдашы бар. Ал — бийлик, байлык үчүн бардыгын сатууга даяр турган мансапкор Канчоро. Ч. Канчоронун чыккынчыга айланышында активдүү роль ойнойт. "Манас" эпосунда Канчоронун кастыгын тездеткен, анын активдүүлүгүнө дем берген Ч. болду деп түшүндүрөт. Башкы баатырдын тууганы же жакын адамынын чыккынчы аялдын тили менен ага каршы чыгышы, баатырды экөөлөп алдап, мерт таптыруу эпостордо кеңири белгилүү. Бул мотивдин классикалык үлгүлөрү байыркы грек эпосторунда берилет (мисалы, грек баатыры Агамемнондун тагдыры). Ч. жүрүш-турушу, кылык-жоругу, иш-аракети таптык коомдогу канышанын элесине жакын сүрөттөлөт. Көбүнчө "эрке катын" деген туруктуу эпитет менен айтылат. Ошого ылайык Ч. эң алды менен жагымсыз начар сапаттары аркылуу көрүнөт (Акшумкардын дарегин сурап келген үч байбичени тилдеп үйүнөн кууп чыкканы), чыккынчылыгы ошол терс сапаттарынын өнүгүшүнүн натыйжасы, анын образындагы тескериликтин жогорку чеги.

Ч. "Семетейден " "Сейтек" эпосуна өткөн терс образ. Ал Канчорону азгырып Семетейди өлүмгө кыюудан да кайра тартпайт. Эпостогу окуялардын улам өнүгүшү менен Ч-дин мүнөзүндөгү терс сапаттар улам тереңдей баштайт. Анын чыккынчылыгы "Сейтекте" мыйзам ченемдүү финал менен аяктайт. Эл Ч-ге өлүм жазасын ыйгарат. Бул адилет элдин калыс өкүмү. Эки эпостун (Семетей", "Сейтек") сюжеттик мазмунундагы ар кыл окуялардын өсүш процесси менен даярдалган корутунду.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Tags:

АйчүрөкКанчороКаныкейСеметей

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жусуп МамайБеш жүз сомСын атоочҮркүнТоп жылдызМутациялык селекцияКыргыз элчиликтериБиоценозКыргыздардын тарыхыЦеллюлозаДарыканаЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыИнтерактивдүү окутууЩелочтуу металлдарКыргызстандын экологиялык көйгөйүКалдыксыз технологияЛексикаАлгачкы СоветтерБайыркы Египет маданиятыЫсык-Көл мамлекеттик коругуИчегиТаш-РабатӨмүр баянСүймөнкул ЧокморовТамгаТаандык категориясыКыргыз музыкасыБулутРиторика.Риторика илими.Дайыр АсановҮнсүз тыбыштарСатурнҮй-бүлө социологиясыТериВирусЭмгек укугуЖаратылышСулайман-ТооСалык саясатыЭлектр энергетика системасыКараханийлер мамлекетиМиграцияКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүУлуттук эсепСынган кылычНептунЖылдыздуу асманБиринчи майИтТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыЖыйырма сомКумурскаГидросфераМанастын туулганыСары-ЧелекЖоомарт БөкөнбаевМаалымат сайтыЖердин айлануусуПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыКызматчы сөздөрБиринчи мугалимЧернобыль авариясыОрозов КарамолдоКан айланууКаратма сөзИнтернет тарыхыКубаттуулукПирамида (геометрияда)Сөз айкашыКаныбекБайдылда СарногоевЭссеКуймаларКомуз күүсүБаштапкы функцияКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыСаспаев Аман🡆 More