Тыгыздык

Тыгыздык (ρ) – бир тектүү зат үчүн анын бирдик көлөмүндөгү массасы аркылуу аныкталуучу физикалык чоңдук.

Бир тектүү эмес заттын анык бир чекитиндеги Тыгыздыгы катары көлөм ушул чекитке чогулган кездеги нерсенин m массасынын анын V көлөмүнө болгон катышынын предели алынат. Бир тектүү эмес нерсенин орточо Тыгыздыгы катары да m/V катышы эсептелет. Кээде салыштырмалуу тыгызды деп аталган түшүнүк колдонулат, мис., суюктуктун ж-а катуу нерсенин Тыгыздыгы 40С кезиндеги таза суунун Тыгыздыгына салыштырмалуу, ал эми газдардыкы нормалдуу шарттагы кургак абанын же суутектин Тыгыздыгына карата аныкталат. Тыгыздыктын СИдеги бирдиги – кг/м3, СГСдегиси – г/см3. Заттын Тыгыздыгы, эреже катары, температура жогорулаган сайын азайып, басым чоңойгондо өсөт. Заттын агрегаттык абалы өзгөргөндө Тыгыздык кескин өзгөрөт, б.а. газ абалга өткөндө кескин азайып, катуу абалга өткөндө көбөйөт. Заттын Тыгыздыктары ар кандай түрдөгү Тыгыздык өлчөгүчтөр (пикнометр, ареометр ж.б.) менен өлчөнөт.

Колдонулган адабият

  • © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек.
  • ISBN 9967-14-010-0

Tags:

АбаАреометрЗатКөлөмМассаПределСИ өлчөө системиСууСуутекСуюктук

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Татаал сөздөрЭпикалык текСюжетБаяндооОкутуу ыкмаларыКараханийлер кагандыгыЖаз мезгилиЭвтаназияКуранМолдо КылычТоктоболот АбдумомуновСюжеттин элементтериАсан КайгыКургак учукТабигый ресурстар, жaратылышТекстКыргыз сомуОблигацияФотосинтезДрамаМаданиятБалдардын курак мезгилдериКаада- салттар,ырым-жырымдарКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыМүнөз (психология)Улуттук паркКозу карындарКалпакХромосомаларОрфоэпия (лингвистика)ОрфоэпияБайламталарМал чарбасыМеталлСтильДемократияКыргызстандагы корголуучу жайларБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыКыргыз этнонимиКурактык өзгөчөлүкКыргызстандагы таш дооруАрман ырларыТүндүк АмерикаГенетикаКомпозицияКырк чороМуун (лингвистика)Ички Теңир-ТооНеологизмдерМээМар БайжиевАт атоочСак уруусуОозул (стоматит)Мамлекеттердин тизмесиГуманизмКыргызстанКожожашMicrosoft WindowsЭлектр-магнит толкундарыКыз СайкалФонетикаКрылов Иван АндреевичӨзбекстанЖүрүм-турумСүйлөөЭссеФатиха сүрөсүУлуу Ата-Мекендик согушСарыбагышКыргызстандын Россияга каратылышыФразеологизмКыргызстандын Орусияга каратылышыКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүАдыгине (уруулук топ)Барпы Алыкул уулу🡆 More