Тушоо кесүү, тушоо кыркуу, тушоо той – батыраак бассын деген ниет менен там-туң баскан баланын бутуна байланган жипти кесүү ырымы.
Баланын тушоосун кесүү үчүн баланын ата-энеси айылдагы элди бала-бакырасы менен чакырып, той өткөрөт.
Чогулган элдин алдында айылдын ардактуу карыясы тушоосу кесиле турган баланын буттарын ала жип менен тушайт да, чогулган балдарды 40–50мдей аралыктан чуркатып жарыштырат. Биринчи келген балага биринчи, калгандарына кийинки байге берилет. Биринчи келген бала тушоону (байланган жипти) кайчы, бычак же маки менен кесет. Тушоо кесүү жаңы баскан же бечел балага арналып өткөрүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тушоо кесүү, тушоо той, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.