Тескей Ала-Тоо

Тескей Ала-Тоо - Кан-Теңир тоо тоомуна Ашуу-Төр кырка тоосу деген ат менен Сары-Жаздын эң бийик жери Семёнов чокусу (5816 м) аркылуу барып такалат.

Ашуу-Төрдүн эн бийик жери 5470 м. Сары-Жаз суусунун жогорку агымында Тескей Ала-Тоонун бийиктиги кескин төмөндөп, 3300—3600 м бийиктиктеги сырттар менен теңелип, Оттук суусунун тушунда кайра кескин көтөрүлүп, батышка карай 354 км ге созулуп жатат. Эң жазы жеринде 40 км ден ашык. Түндүк капталы Ысык-Көлдүн ойдуңун чектеп, Кочкор өрөөнүнө чейин келип бүтөт. Тескей Ала-Тоосунун эң бийик жери Каракол чокусу (5216 м) Каракол суусунун төрүн чектеп турат. Эгерде Ашуу-Төр Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгү деп эсептелинсе Семёнов мөңгүсүнүн оң жагындагы 5470 м бийиктиктеги чоку анын эң бийик жери деп эсептелинет.

Тескей Ала-Тоо
Тескей Ала-Тоо.
Тескей Ала-Тоо
Тескей Ала-Тоо (Жети-Өгүз району).

Тескей Ала-Тоо түзүлүшү боюнча асимметриялуу: түндүк капталы жазы келип, Ысык-Көл ойдуңуна акырындап төмөндөйт, ал эми түштүк капталы болсо кыска жана кескин төмөндөйт. Тянь-Шандын ортонку тизмегин түзгөн башка кырка тоолордон Кара-Кужур, Кичи-Нарын, Ара-Бел, Кум-Төр, Сары-Чат, Көөлү жана Сары-Жаз өрөөндөрү менен бөлүнгөн. Аталган өрөөндөрдөн түштүктө Тескей Ала-Тоосундай эле кендик боюнча таралган бир канча бийик тоо кыркалары жайгашкан. Эң чыгышында Сары-Жаз, Көөлү кырка тоолору, Ак-Шыйрак тоо түйүнү. Батышка карай биринен кийин экинчиси уланган Жетим-Бел, Жетим, Нура, Капка-Таш, Байдулу, Кара-Жорго деген кыска бирок бийик тоолор жайгашкан. Долон ашуусунан батышта жогоруда аталган тоолордун уландысы Соң-Көл-Тоо, Кызарт, Карагатты тоолору. Сон-Көлдү түштүк жагынан курчаган Молдо-Тоо, Жумгал өрөөнүн түндүк жагынан курчаган Жумгал-Тоо менен Сандык кырка тоолору. Көкө-Мерен өрөөнүнөн батышка Талас Ала-Тоосуна чейин Суусамыр кырка тоосу созулуп жатат. Кетмен-Төбө өрөөнүн Тогуз-Торо өрөөнүнөн бөлгөн Көк-Ирим-Тоо Тянь-Шань системасынын ортоңку тизмегин Фергана тоо кыркасына тутумдаштырган орографиялык объект.

Tags:

БатышКан-Теңир тоо тоомуКаракол чокусуКочкор өрөөнүОйдуңСары-Жаз суусуСеменов, чокусуСемёнов мөңгүсүЧыгышЫсык-Көл

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кош сөздөрКыргызстандагы металлдарАйгүл гүлүКыргыз Республикасынын экономикасыКыргызстандын КонституциясыОмонимБаланын укуктары жөнүндө конвенцияЖусуп АбдрахмановКан группаларыСаруу (уруу)Ядро (биология)Электр каршылыгыКитепБаш мүчөРычагАрчаЧүй өрөөнүАдам укуктарыКургак учукОш коогалаңы (1990)Физикалык чоңдуктардын бирдиктериКол өнөрчүлүкКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыКасым ТыныстановКытайКаныбекРоза гүлдүүлөрЭки миң сомЭкологиялык факторлорКурманжан ДаткаКыргыз элчиликтериДилбаянДүйнөлүк океанНоорузАбай КунанбаевКоруктарКуймаларЖусуп БаласагынКан агууСтамов АсанбекҮй-бүлөКорей Эл-Демократиялык РеспубликасыАлгачкы СоветтерОрозов КарамолдоЖеңиш КүнүСынган кылычГеографиялык кабыкИспанияМухаммед пайгамбарКыргыздын улуттук кийимдериАйлана чөйрөнү коргооКамсыздандырууКошожашЭкстремизмДем алууЖаан-чачынБалыкТүрк кагандыгы«Манасчылар»Кыргыз композиторлоруТик бурчтукТабигый ресурстар, жaратылышЗуура СооронбаеваЖарандык согушБиосферадагы глобалдык көйгөйлөрКыргызстандын тышкы саясатыИтТөрөтЖарганатАнтропогендик факторлорОндук эсептөө тутумуПланеталардын жандоочуларыАтомБышыктоочАвстралия (континент)Оозул (стоматит)Жарым өткөргүч🡆 More