Телефильм – көрсөтүүгө ылайыкталып чыгарылган фильм.
«Телефильм» түшүнүгү кино тартуучу аппарат аркылуу киноплёнкага тартылган фильмдерге тиешелүү. 20-кылымдын 2-жарымынан – 21-кылымдын башында видеомагнитофондун жардамы менен магнит тасмасына түшүрүлгөн магниттик видеофонограммалар да аны менен бирдей эле мааниге ээ болуп калды. Телефильмди жаратууда телекөрсөткүч экрандар киноэкрандан кичине экени эске алынат. Ошондуктан Телефильм кинофильмден көркөм курулушу, б. а. жалпы пландын аздыгы, кадрда майда деталдар көрсөтүлбөй тургандыгы сыяктуу белгилери менен айырмаланат. Көп жолу көрсөтүүгө ылайыкталган толук метраждуу жана көп сериялуу Телефильмдер, ошондой эле бир нече ирет гана көрсөтүлө турган Телефильмдер да болот (мисалы, эстрадалык мүнөздөгү телепостановка). Телефильмди кинонун методдору менен тартууда 35 же 16 мм өлчөмүндөгү киноплёнкалар пайдаланылат. Кыргызстанда Телефильм тартуу 1963-ж. башталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Телефильм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.