Социалдык нормалар - жеке адам менен топтун белгилүү социалдык бүтүндүккө баш ийүүсүн шарттаган тарыхый же кандайдыр бир башка жол менен калыптанган
Социалдык нормалар системасында баалоонун чени аныкталат. Нормалардын ар кандай системасы иш-аракеттин коомдук даражадагы демилгелерин, жүрүм-турум үлгүлөрүн же эрежелерин, норма бузуулардын санкцияларын өзүнө камтыйт. Социалдык нормалардын калыптанышы, бекемделиши жана укумдан- тукумга өтүшү - коомдук турмуштун маанилүү жагы. Социалдык нормалардын жеке адам тарабынан кабыл алынышы коомдук тарбиянын негизин түзөт.
Ар түрдүү коомдук-экономикалык системалардын өзүнө ылайык нормативдик талаптарынын түрлөрү болот.
Мисалы, социалисттик коомдогу Социалдык нормалардын системасы жалаң гана талаптардын багыты менен эмес,Айжан дагы аларды ишке ашыруунун мүнөзү боюнча да айырмаланат. Массалык аң-сезимге социалисттик нормаларды сиңирүү - коомдук маанилүү маселелердин бири.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Социалдык нормалар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.