Социалдык жүрүм-турум - жаныбарлардын мейкиндик-демографиялык мүнөзүн жөнгө салуу менен ар бир түр үчүн мүнөздүү болгон экологиялык структурасын аныктоочу коомдук жүрүм-туруму.
Жаныбарлардын социалдык жүрүм-турум жандыктардын жана алардын топторунун ортосундагы мүмкүн болгон өз ара аракеттеринин негизинде ишке ашат. Бул жаныбарлардын өз ара аркеттенишүүсү коммунитивдик жүрүм-турум аркылуу чагылдырылып, социалдык жүрүм-турумдун курамдык бөлүгү катары кароого болот. Эгерде жандыктардын коммуникатив жүрүм-туруму генетикалык программа менен жетишээрлик так аныкталса, анда жаныбарлардын социалдык жүрүм-турум индивиддердин жана топтордун сырткы чөйрөнүн өзгөрүүчү шартына бир кыйла тез ыңгайлануу механизми катары кызмат кылат.
Социалдык жүрүм-турум тенденциялардын ортосундагы өзгөрүүнүн обочолонушуна, мейкиндиктеги жандыктардын бөлүнүп кетишине жана өзүнө окшош топтордун биригишине алып келүүчү компромистик негизде курулат. Ал эми жөнөкөй топтолушу “үй-бүлө” болуп саналат. Эгерде алар көбөйүү мезгилинин аягына чейин ажырап кетишпесе, анда ата-энелеринин жана бир канча муундардан турган туруктуу ячейка пайда болот. Бул “үй-бүлөлүк” топтун калыптануу жолу курт-кумурскалардын коомдошуп жашоосунун, көптөгөн канаттуулардын коммуналдык ячейкасынын, көкжалдын кландарын, арстандын прайдарын жана көпчүлүк приматтардын “үй-бүлө” тобун пайда кылат. Топтун ичиндеги особдор арасындагы мамиле социалдык иерархия системасы аркылуу жөнгө салынат. Топтун көлөмүнүн чоңойусунун натыйжасында белгилүү чекке жеткенден кийин кээ бир жандыктар бөлүнүп башка топко көчө баштайт. Социалдык жүрүм-турум менен жөнгө салынган эмиграция жана иммиграция топтордун ортосундагы генетикалык информациялардын алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Социалдык жүрүм-турум, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.