Пир

Пир (иранча эски, кары, билерман кары) — түрк тилдүү элдердин мифологиясында ар кандай иштин колдоочусу.

Түрк мифологиясында кеңири өнүккөн. Ислам дининин пайда болушу менен мусулман мифологиясында көптөгөн П-лер келип чыккан. Мисалы, иттин П-н — Кумайык, суунун П-и — Сулайман, Койдун П-и — Чолпон-Ата, жигиттин П-и — Шаймерден, уста нын П-и — Дөөтү, чечектики — Коросон Ата, табыптын П-и — Улукман жана башкалар. Элдер ошол П-лердин атына сыйынган, алар колдойт деп ишенишкен. Эпосто П. өзгөчө касиетке ээ, баатыр, акылман адамды жылоолоп жүргөн, кыйын-кыстоо жерде аны колдогон. П. кээде колдоочу адамынын көзүнө көрүнгөн. Манас бала кезинде Ошпурдукунда козу кайтарып жүргөндө кырк чилтенге жолукканы (Сагымбай Орозбаков, 1. 94—98) анын тегин киши эместигинен кабар берет. Ошондуктан, эпосто Манас жоого каршы баратканда андан дайыма арстандын сүрү көрүнүп, капталында жолборс чамынып, көсөө куйрук көк бөрү коштоп жүргөнү айтылат. Таласка келаткан Семетейди «Кан Манастын пирлери кошо колдоп калышынан» (Саякбай Каралаев, «Семетей» , 1. 217) Манастын П-лери анын укум-тукумун да колдоп жүрөөрү көрүнөт. Диний ишенимде П. арбак сыяктуу эле касиеттүү ыйык делип эсептелет. Ага: «Атасы эле, ээй, атаңдын Арбак үчүн, ээй, пир үчүн, Мен, амандаша калайын» (Саякбай Каралаев, «Семетей» , 1. 241) деген саптар күбө. Каныкей менен Чыйырды Манас өлгөндөн кийин алты айлык Семетейди алып, Букарга качып бараткан жолдо байтеректин түбүнө уктап калышат. Каныкей чочуп ойгонсо Семетей жок. Кундагынан суурулуп чыгып кеткен баланы 12 айры ак бугу эмизип турган болот. «Атасынын баласын Колдоп эле жүргөн пири экен», Он эки айры бугунун эмчегин ээмп турган Семетейден ажыдаардын түрү, алтымыш эрдин сүрү көрүнөт (Саякбай Каралаев, «Семетей, 1. 50). Демек, ак бугу Семетейди төрөлгөндөн эле колдоп жүргөн П-и катары айтылат.

Кээде зоболосу бийик, ашкере акылман, көсөм карыя, бирөөлөр ыйык туткан адамы да П. деп эсептелет. Аны эпостогу «Аман жүр Манас пирибиз» (Саякбай Каралаев, «Семетей» , 1. 196) деген өңдүү саптар да далилдейт. «Пир туткан пириң болом деп, Билимдүү Кошой колуң бер!» (Курама вариант, «Манас», 1. 78), — деп Манас Кошойду ага жолуккан күндөн баштап пирим деп тааныйт. Ал эми эпосто жолуккан «Он эки пирге кол берип» (Саякбай Каралаев, 1. 27), — деген саптардан улам эпостогу он эки айры ак бугуну, он эки пирге кол берүүнү сандык ишенимдер (ырым-жырымдар) менен байланыштырса болот. Он эки саны байыртадан эле сандын ишеним боюнча кемтиксиздиктин жана жыргалдын, берекенин саны катары эсептелген. Христиан дининде 12 апостол болгон, жыл 12 айга бөлүнгөн жана башкалар Ошондуктан, адамды колдоочу П-лер көп болсо да, анын он экисине кол берүү, он экисинин колдоосуна ээ болуу эпосто да диний ырым катары кабыл алынган. П-ге сыйынуу, анын атын ыйык тутуу эпосто кеңири орун алган. Ага эпосто көп жолугуучу: «Айкөл Манас кабылан, Шай колдогон эр эле» (мында «шай» деп жигиттин П-и Шаймерден жөнүндө сөз болуп жатат) же «Коросонго кой айтып, Баабединге бата айтып», — деген саптар күбө.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Tags:

КаныкейКаралаев, СаякбайМанас баатырСагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)СеметейСеметей эпосуТаласЧыйырды

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

НептунВитамин CСыдык уулу ОсмонаалыБайыркы кыргыздарКыргызстандагы жаныбарларАк Мөөр (поэма)ШамалСуунун шорлуулугуЭхинококкозСезүү мүчөлөрүАтама сүйлөмЖай мезгилиЖасалма интеллект деген эмне?ВакуумВитаминдерКожожашАтоочтукКар көчкүЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКорей Эл-Демократиялык РеспубликасыОмонимдерКекеева Жаӊылай СабырбековнаТөөТигүү машинасыТоокЭнесай кыргыздарыПсихологияЖөтөлгө каршы дарыларШүкүрбеков РайканДарыларКыргыз Республикасынын Кызыл китебиГолографияОш коогалаңы (1990)Ыктымалдуулук теориясыАкынЫсык-Көл облусунун табиятыПедагогикалык изилдөө методдоруАльберт ЭйнштейнМанасТурналарАлюминийГлюкозаМамлекеттик бюджетМээрим ЖуманазароваЭр ТабылдыГалогендерЖаз мезгилиМихаил ГлинкаPythonАбсамат МасалиевСибирь кулгунасыХундарКүкүрт кислотасыСибирь кыргыздарыАлай тоо кыркасыКомузЕвропаАнтонимЭлектрондук почтаСанат-насыят ырларыАдам укуктарыСалык саясатыТуз (химия)ТуберкулёзӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиТолубай сынчыУлуу БританияЭтишЖалал-Абад облусуКудайлар тууралуу мифтерЧолпонТабигый ресурстарБарпы АлыкуловӨрдөк (бакмa)Түндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыСөздүн мааниси🡆 More