Окуу Жылы

Окуу жылы – билим берүү мекемелеринин окуу жылынан башынан жайкы каникулга чейинки иш мезгили.

Окуу жылы ар түрдүү мамлекеттердин табигый өзгөчөлүктөрүнө, социалдык шарттарына ылайык бири биринен айырмалуу келет. Окуу мезгилинин окуу жылдарына бөлүнүшү XVI к. аягында – XVII к. башында Батыш Европанын жана Украина менен Белоруссиядагы боордоштор мектептерине (братские школы) чех элинин улуу педагогу Я. А. Каменский негиздеген класстык-сабак системасы киргизилгенден башталган. Ага чейин баланын мектепке кирүүсү белгиленбей, окуу сабактары ар бир бала менен жекече өткөрүлүп, окуу жыл бою (каникулсуз) жүргүзүлгөн. Россияда башталгыч мектеп үчүн окуу жылы 180 күн деп белгиленип, айыл мектептери бар болгону 152 күн эле окуган. Орто мектептер болсо 200 күн иштеген.

1958-ж. 24-декабрда СССРде мектеп жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анда о. ж. башталышы жана аякташы такталып, ал эми жергиликтүү аба ырайына байланыштуу союздук республикалардын кароосуна берилген. Ошол мыйзамга ылайык окуу жылы V–VII класстар ү-н 38 жума (анын ичинен 2 жума коомдук өндүрүштүк практикага бөлүнгөн), ал эми VIII класстар үчүн 39 жума (алардын ичинен 2 жума коомдук-өндүрүштүк практикага, 2 жума бүтүрүү экзамендерине даярдык жана тапшыруу үчүн) белгиленген. Окуу жылы Кыргыз Республикасында 1-сентябрдан башталып, I–IV класстар – 31-майда, V–VII класстар – 19 июнда, VIII класстар – 25-июнда (экзамендер дагы аяктайт) аяктоосу көрсөтүлгөн. Окуу жылы төрт чейрекке бөлүнгөн.

Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004

Tags:

БатышБелоруссиялык рубльБилим берүүКласстан тышкаркы иштерМамлекетМектепПедагогикаРоссияСоциалдык мамлекетТабигый чечимУкраинаЧехия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Көркөм адабияттын түрлөрүКыргызстандагы диний ишенимдериСүйлөөЭмгек укугуИсламдагы беш парзКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыОсмоналиев КачкынбайӨпкөнүн сезгенишиЭкстремизмСюжеттин элементтериКыргызстандын райондоруПилСоң-КөлЧыңгыз ханМеталлСүйлөмФразеологияТекстКаныкей образыПопуляцияСеметейдин Букардан Таласка келишиБаяндооЖигитов, СалижанГендердик теңчиликНарын дарыясыЖер титирөөОрфоэпияКыргызстандын дары сууларыФатиха сүрөсүХимияАлмамбеттин баяныМидин АлыбаевТок күчүБилим берүүТеңдемеТамак сиңирүүӨтмө мааниИчтин катуу кармоочу оорусуАйкындоочЫсык-Көл облусуКоммуникацияГеографияЖергиликтүү өз алдынча башкарууФольклордун түрлөрү жана жанрларыЖакыптын жана аялдарынын түш көрүшүДекларация (жарнак)СапарлашБаланын укуктары жөнүндө конвенцияТоктоболот АбдумомуновЫкташууБүтүн сандарТалмаБурана (мунара)Физикалык географияКалпакИшеналы АрабаевКүнФотосинтезКожомбердиев ТурарАндронов маданиятыҮндүү тыбыштарИлимий техникалык прогрессСүмөлөкЗат атоочКөк асаба (роман)БайчечекейКыргыз улуттук оюндарыИхлас сүрөсүКусууБайтик баатырФизикалык-географиялык райондоштурууКырк чороЖакыпКараханийлер мамлекетиТериКасым ТыныстановАйлана чөйрөнү коргооКыргыз тилинин жазуу эрежелери🡆 More