Муунак курттар (лат.
Annelida) — экинчи дене көңдөйлүү, алгачкы ооздуу курттардын тиби. Дене узундугу бир нече ммден 3 мге чейин жетет. Муунакталган денеси эки жак симметриялуу. Сегмент-муунактары көп. Алардын саны бир нече жүзгө жетет. Сегменттелиши ички органдарынын метамериясы менен байланыштуу. Ар бир сегментте түктөрү, начар өөрчүгөн буттары же параподиялары болот. Тери-булчуңу жука кутикула, тери эпителийи, узунунан кеткен жана муунак булчуңдардан турат. Оозу 1-сегменттин курсак жагында, кан айлануу системасы туюк, ал 2 негизги курсак жана жон кан тамырларынан туруп, шакек түрүндө. Алар териси, кээде бакалоору менен дем алат. Бөлүп чыгаруу органы – нефридий. Нерв системасы мээ жана курсак нерв тизмегинен турат. Сезүү органы – көз жана жыт билүү чуңкурчалары. Айрым жыныстуу же гермафродиттер. Личинкасы трохофорасы менен өөрчүйт. Кээде жыныссыз жол менен да көбөйөт. Муунак курттар -кылымдын 5 класска кирген 9 миңдей түрү тузсуз сууда, кургакта, тропиктеги нымдуу жерлерде жашайт. Муунак курттар жөнөкөй түзүлүштүү жалпак курттардан келип чыккан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Муунак курттар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.