Меркантилизм (итальянча mercante – соодагер) – саясий экономиянын биринчи мектеби; алгачкы капитализм мезгилинде мамлекеттин чарбалык турмушка активдүү кийлигишүүсү менен мүнөздөлүп, көпөстөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык саясат.
Меркантилисттер өлкөнүн негизги байлыгы баалуу металлдар (алтын ж. б.) жана акча деп эсептешкен. Алар экспортту көбөйтүп, импортту чектөөнү сунуштаган. Көрүнүктүү өкүлдөрү: Т. Мон, Ж. Б. Кольбер, И. Посошков, В. Татищев ж. б. Өзгөчө орунду И. Посошковдун эмгектери ээлейт. Ал өлкөнүн байлыгын көбөйтүү үчүн акча эмес, товар өндүрүүнү күчөтүү керек экендигин көрсөткөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Меркантилизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.