Манастын туулушу жана балалык чагы — эпостун башталыш окуяларын камтып турган чоң эпизод, чыгармадагы туруктуу салттык окуялардын бири.
Адатта баатырдын теги жөнүндөгү маалыматтардан башталып, Манас эр жеткенге чейинки окуяларды бүт баяндайт. Көптөгөн маалыматтардан, майда окуялардан турат. Аларды мазмунуна карай шарттуу түрдө ар бирин өзүнчө атоого болот. Мисалы, баатырдын теги, күчтүү жоодон жеңилген кыргыздардын чабылып-чачылышы, баласы жок Жакыптын зары, жана башкалар
Бөлүм «Манастын» белгилүү тексттеринин дээрлик бардыгында бар. Булар бир манасчыда түрдүүчө аталышы жана камтыган окуялары ар башка болушу мүмкүн: Радлов жазып алган вариантта «Манастын туулганы» — деп аталып, эпостун биринчи окуясы катары белгиленген. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча тема башка аталганы менен окуянын жалпы нугу жана мазмуну негизинен салттык түрдө берилген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Манастын туулушу жана балалык чагы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.