Көк-Арт, Көгарт — топоним.
Кыргыздар мекендеген жер катары көп эскерилет. Манас Ала-Тоону душмандан бошотконго чейин К.-А. дарыясын бойлото Алооке кандын шаары жайгашканы: «Көргөндө сонун ушу бар, Көгарт суунун бою шаар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 165) делип, көп кабаттуу үйлөрү бар кооз шаар катары айтылат. Географиялык реалияда К. -А. суусу жана өрөөнү азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районун аймагында, ашуусу Фергана тоо тизмегинде.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Көк-Арт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.