И.
Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети | |
Жалпы маалымат | |
Эл Аралык аталышы: | I. Arabaev Kyrgyz State University |
Урааны: | Билимдүү - миңди жыгат, Билимсиз - бирди жыгат |
Түптөлгөн жылы: | 1970-жыл |
Тиби: | Мамлекеттик |
Ректору: | Абдырахманов Төлөбек Абылович |
Студенттер: | 18 000 (2011-жыл) |
Окутуучулар: | 2 500 (2011-жыл) |
Жайгашкан орду: | Бишкек: Ала-Тоо аянты, 10-кичи район жана 8-кичи район |
Кампус: | маалымат жок |
Юридикалык дареги: | 720026, Кыргыз Республикасы, Бишкек, Раззаков көчөсү 51 |
Сайты: | [1] |
Сыйлыктары: | белгисиз |
Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети — жогорку окуу жайы жана Кыргыз Республикасындагы эң эски университеттердин бири болуп саналып, Кыргызстандын биринчи Алиппесин түптөөчүсү, көрүнүктүү ойчул, акылман жана илимпоз Ишеналы Арабаевдин ысымын алып жүрөт. Кыргыз ССР БАКтын 1944-ж. 15-декабрдагы токтому менен 1945-ж. 1-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында Кыргыз кыз-келиндер окуу жайы уюшулган. Анын базасында 1950-ж. Мугалимдер институту, 1952-ж. В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту ачылган. 1992-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институт, 1994-жылдан И. Арабаев атындагы КМПУ деп аталат. Учурда университетте 13 миңден ашуун студенттер билим алышууда. 1000ден ашуун профессор-окутуучулук курамынан турган эмгек жамааты эмгектенет (2003). Университетте 9 институт (чыгыш элдеринин тили жана маданияты, мамлекеттик тил жана маданият, жаңы информациялык технология, Европа цивилизациясы, дүйнө тилдери, экология жана жаратылышты пайдалануу, педагогика жана психология, гуманитардык билим берүү, адистерди кайра даярдоо жана билимин жогорулатуу), 4 борбор (экономика жана менежмент, коомдук адистерди даярдоо, маданий билим берүү жана жогорку окуу жайына даярдоо), 2 лицей бар, ошондой эле чет элдик окуу жайлары менен байланышты ишке ашырып турган эл аралык бөлүм да бар. Ректору – А. А. Асанканов.
Университетте 2011-12 окуу жылында 18000 студент, 2000 окутуучу бар.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.