Кызматчы аялдын окуясы (англ. The Handmaid's Tale) — канадалык жазуучу Маргарет Этвуддун 1985-жылы жарык көргөн дистопиялык романы.
Жаңы Англиянын жакын келечегиндеги, тоталитардык, АКШ бийлигин кулаткан христиан теономиясындагы окуяларды чагылдырган роман кыз-келиндерге үстөмдүк кылуу жана алардын индивидуализм менен көз карандысыздыкка жетүү үчүн колдонгон ыкмалары темаларына токтолот. Романдын аталышы Жеффри Чосердин бири-бирине байланышкан серияларды камтыган "Кентбери жомоктору" чыгармасынын кайсы бир бөлүктөрүн кайталайт ("Соодагердин окуясы", "Парсондун окуясы", ж.б.).
"Кызматчы аялдын окуясы" 1985-жылы Генерал-губернатордун сыйлыгы менен 1987-жылы биринчи Артур C. Кларк сыйлыгына татыктуу болгон; Ошондой эле ал 1986-жылы "Небула", 1986-жылы "Букер" жана 1987-жылы "Прометей" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Китеп тасмага (1990), операга (2000), киносериалга (2017) жана башка медиа түрлөрүнө ылайыкташтырылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кызматчы аялдын окуясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.