Композиция (латынча сompositiо – түзүү, ойлоп табуу дегенден) – 1) көркөм чыгарманын курулушу; көркөм форманын маанилүү компоненти.
Ал чыгарманын мазмунуна, мүнөзүнө жана аткарган милдетине ылайык түзүлөт. Композиция искусствонун түрүнө, чыгарманын идеясына, материалына жараша ар кыл мүнөздө, ар кандай ченемде берилет. Композиция адабиятта чыгарманын көркөм формасынын бөлүктөрүн максатка ылайык жайгаштырып, өз ара байланыштырат. Композициянын компоненттерине автордук баяндоо, лирикалык чегинүү, портрет, пейзаж, интерьер ж. б. кирет. Ал эми драмада сцена – Композициянын өз алдынча өтө ири компоненти. Лирикада Композиция өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Анда чен, ыргак, уйкаштык, интонация, ойдун ырааттуу өнүктүрүлүшү маанилүү роль ойнойт. 20-кылымдын аягында Композициянын маанисинин күчөшүнө монтаждын пайда болушу (адегенде кинодо, кийин театрда жана адабиятта) зор таасир тийгизди. Композиция пластика өнөрүндө көркөм формаларды түзүүчү айрым учурларды (симметрия, асимметрия, масштаб, ритм, нюанс, контраст ж. б.) бириктирет; архитектурада көркөм идеялык принциптердин негизинде түзүлүп, айрым имараттардын, курулуштардын, бүткүл шаар курулушунун пландалышын жана көрүнүшүн аныктайт; сүрөт өнөрүндө чыгарманын идея, сюжет жана тематикасынын конкреттүү иштелишин туюндурат. Музыкада да Композиция болот. Шахматтагы Композиция – шахмат этюддарынын жана маселелеринин түзүлүшү; 2) музыка, живопись, скульптура же графика чыгармалары, б. а. композитордун, сүрөтчүнүн чыгармачылык эмгегинин натыйжасы; 3) искусствонун ар кандай түрлөрүн камтыган татаал көркөм чыгарма; окуу жайларда (консерватория ж. б.) өзгөчө окуу предмети катары өтүлөт. Композиция гармония, полифония, музыкалык чыгармаларды талдоо сыяктуу музыкалык теориялык предметтер менен тыгыз байланышта окулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Композиция, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.