Катаболизм (грекче katabole – ажыроо), диссимиляция – тирүү организмде кармалган же тышкы чөйрөдөн алынган татаал азык заттардын – белоктор, нуклеин кислоталары, углеводдор, липиддер жана майлардын ферменттик реакциянын жардамы менен ажырашы.
Организмдеги зат алмашуунун анаболизмге карама-каршы процесси. Катаболизм реакцияларында органикалык молекулалардагы химиялык байланыштардан энергия бөлүнүп чыгып, АТФтин фосфаттык байланыштарынын энергиясына айланат. АТФтеги энергия анаболизм реакцияларынын жүрүшүнө жана организмдин башка тиричилигине жумшалат. Катаболизм аэробдук чөйрөдө дем алуу (кычкылдануу), анаэробдук шартта ачып-кычуу жолдору менен жүрөт. Аэробдук дем алууда органикалык заттар акыркы затка (СО2 жана Н2О) чейин толук ажырап, энергия көп бөлүнүп чыгат. Ачууда заттар толук ажырабай, энергия аз бөлүнүп чыгып, акыркы заттары – ар түрдүү спирттер, органикалык кислоталар (сүт, май, лимон жана башкалар) алынат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Катаболизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.