Карл Линней (швед.
Carl Linnaeus, Carl Linné, лат. Carolus Linnaeus, 1761-жылы дворяндыкты алгандан соң — Carl von Linné ысымын алып жүрөт) — швед табият таануучусу жана дабагер, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн систематикасынын бирдиктүү классификациясын түзгөн. Ал классификацияда биологиялык илимдердин өөрчү этаптары такталып бир калыпка алып келинген. Анын негизинде Линней дүйнөлүк белгилүү биолог окумуштуулардын бири катары таанылып келет. Линнейдин илимге болгон эң чоң салымы болуп биологиялык түрдү киргизүү, биноминалдык (бинардык) номенклатураны колдонуу жана систематикалык (таксономиялык) түрмөктөрдүн бири бирине болгон байланышын ачык көрсөткөндөгүсү болуп саналат.
Carl Linné Carl Linnaeus Carl von Linné | |
Туулган жылы: | 23 -май 1707 |
---|---|
Туулган жери: | Росхульт (швед. Råshult), Смоланд |
Каза болгон жылы: | 10 -январь 1778 (70 жаш) |
Каза болгон жери: | Уппсала |
Өлкө: | Швеция |
Илимий чөйрөсү: | Врач жана натуралист |
Иштеген жери: | Уппсальск университети |
Альма-матер: | Уппсальск университети |
Илимий жетекчиси: | Рудбек, Улоф (кичүү) |
Белгилүү окуучулары: |
|
Белгилүү болгондугу: | Тирүү организмдердин классификациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири |
Белгилүү болгондугу: | Тирүү организмдердин классификациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири |
Сыйлыктары |
|
Кол тамгасы |
|
Линней — белгилүү табийгат таанучуу швед окумуштуусу. Швецияда аны, швед жерин ачкан саякатчы катары баалап келишет, башкалардан бөлөкчөлөнгөн швед аймактарын изилдеп, ал аймактардын «бири экинчисине кандай жардам берип жатканын» көргөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Карл Линней, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.