Йосемити улуттук паркы - Сьерра-Невада тоолорунда (Калифорния штаты).
АКШдагы алгачкы коргоого алынган ландшафт (1864), 1890-жылдан улуттук парк. Аянты 304 миң га (1970). Табияты өзгөчө кооз, шаркыратма каскаддары бар (жалпы бийиктиги 739 м, эң бийиги Жогорку Йосемити шаркыратмасы 436 м) Йосемити Крик дарыясынын өрөөнүн камтыйт. Анда ийне жалбырактуу, алп секвойялуу (жашы миң жылдан ашкан) токойлор өсөт. Сүт эмүүчүлөргө (78 түр; кара аюу, барибал, кара куйрук бугу ж. б.) жана куштарга (200 түр) бай. Туризм чордону. Жылына 1,7 млндон көп турист келет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Йосемити улуттук паркы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.