Иондор — электрондорун жоготууда же кошуп алууда пайда болгон атомдор (заряддуу бөлүкчөлөр), атом же атом тобу электронун бергенде же кошуп алганда пайда болгон электр заряддуу бөлүкчөлөр.
«И.» түшүнүгүн жана терминин 1834-ж. М. Фарадей киргизген. Бөлүкчөдөн электрон бөлүнүп чыкканда талап кылынган энергия иондошуу потенциапы деп аталат. Кошуп алганда энергия бөлүнүп чыгат. Оң заряддуу, терс уюлга (катодго) тартылган И. катиондор, терс заряддуу, оң уюлга (анодго) жылган И. аниондор деп аталат. Алар берген же кошуп алган электрон санына жараша 1, 2 жана 3 зарядуу болушат. Заряд тыгызд. же ион Заряды тыгызд. же иондук потенциал ион зарядынын иондук радиуска болгон катышы менен аныкталат. И. бардык агрегаттык абалда (газ, суюк, кристаллда) өз алдынча бөлүкчө түрүндө жолугат. Бирдей хим. курамдагы нейтралдуу бөлүкчөдөн И. зарядынын белгиси, чоңдугу, сырткы электрондук катмары түзүлүшү менен айырмаланат. Электрондук конфигурациялары бирдей атом менен иондор катары изоэлектрондук катарлар деп аталат. И. атом жана мол. бири-бири менен реакцияга кирет. Табигый шартта И. космос жана күн нурлары же электр заряды (чагылган) таасиринен абада пайда болот. И. тирүү организмде заттар алмашуу процессинде чоң роль ойнойт.
Электрондорун жоготкон атом оң, ал эми кошуп алгандары терс Иондор деп аталат. Иондун заряддары электрондун заряддарынын санына жараша эселүү болот. Ион молекулалардын курамына кирип, байланышсыз абалда (газда, суюктукта, плазмада) кездешет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Иондор, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.