Индиялыктар

Индиялыктар, индустар, индилер – Индиянын калкы, этностук саясий жалпылык.

Индиянын бардык калкын, ошондой эле башка өлкөлөргө Индиядан барып жашап калгандарды билдирүүчү термин. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башына чейин «индейлер» деп аталып келген, бирок бул термин жаңылыштыктан улам (X. Колумб) америкалык жергиликтүү элге карата колдонулуп кеткендиктен, Индияда жашоочулар англис сөзү менен «индустар» деп айтылып калган. Бирок, индуизм динин туткандар гана «индустар» деп аталгандыктан, аны бүт Индия калкына карата айтуу туура болбой калат. Индияда 800дөн ашуун улут, эл жана уруулар бар. Ошондой эле Улуу Британияда (1 млн), Канадада (1 млн), АКШда (1,25 млн), Түштүк Африкада (1 млн), Маврикияда (700 миң) жана Фижиде (400 миң) да жашашат. Жалпы саны 1,13 млрдга жетет (2007). Элдин 72%и индиевропа, 22% и дравид тилдеринде сүйлөшөт. Мамлекеттик тили хинди жана англис. Индиялыктардын динге ишенгендеринин көпчүлүгү индуизм (83%), ошондой эле ислам (13%), христиан (2,4%), сикхизм (1,8%), буддизм (1,7%) жана жайнизмди (0,5%) тутушат. Индия калкынын этностук негизи биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосунда Индиянын борбордук жана түндүк аймагына көчүп келген байыркы арий урууларынын жергиликтүү элдер менен ассимиляцияланышынан пайда болгон. Индиялыктар дыйканчылык (чай, бал камыш, гозо, жут, тамеки, банан, буудай, жер жаңгак, кунжут, пальма жана башкалар), мал чарбачылык (буйвол, кой, эчки жана канаттуулар, уй ыйык жаныбар катары саналат) менен кесиптенишип, дубалы кыш же жыгачтан салынып, үстү пальма жалбырактары же черепица менен жабылган 1 кабаттуу, айрым жерлерде 2 же 3 кабаттуу, жаанчыл аймактарда түркүктөрдүн үстүнө салынган үйлөрдө жашашкан. Салттуу кийим катары негизинен аялдар майда шурулар менен кооздолуп, сайма түшүрүлгөн сари (узундугу 4 мден 9 мге чейин) оронушат. Индиялыктардын «Рамаяна» жана «Махабхарата» эпостору, бхаратнатьям, катхакали жана башкалар бийлери бар. Эркектери эр жеткенде оң колуна билерик тагынып, мылтык алып жүрүшкөн. Индиялыктарда жаныбарлар (уй, зебу тукумундагы бука, маймыл жана кобра жыланы), дарыялар (Ганг), өсүмдүктөр (лотос) жана башкалар ыйык деп эсептелинет. Ш. Керимова.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Дравид тилдери

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Биринчи жардамӨрт коопсуздугуКыз СайкалКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүОшАйлана-чөйрөСийдикДабан мамлекетиБарсбек каганЖүрөктүн ишемия оорусуБаяндоочАтомКокон хандыгыКыргызстандын тышкы саясатыКоруктарТайлак баатырЭкономикаСинтаксисТоктоболот АбдумомуновАстероидКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруДилбаянКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиДиалектилик лексиканын пайда болуу жолдору жана булактарыЖакыпМоральМарсХайду мамлекетиКонсументтерАбай КунанбаевЭхинококкозУкраинаКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыМал чарбасыКыргызстандын Орусияга каратылышыЖүзүм (уруу)Ибраев, ЭсенгулЖылдыздуу асманНьютон биномуИшеналы АрабаевМейкиндикКыргыз Республикасынын Кызыл китебиМыйзам (укук)АйАлай өрөөнүЖаз, жай, күз, кыш... жана жазАлександр МакедонскийТурусбеков ЖусупБоорКыргыз элдик оозеки чыгармаларЖаратылышты коргооЫктымалдуулук теориясыАт — адамдын канатыТилИзотопторМектепке чейинки куракКызматчы сөздөрТөлөгөн КасымбековБиогеоценозОрозов КарамолдоТоголок МолдоБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыИса АхунбаевМээрим ЖуманазароваТарбиялоонун методдоруЭлектрондук почтаЭтиштин чактарыИшкердикАмир ТемирГеографиялык улуу ачылыштарКант диабетиБайдылда СарногоевКыргыз киносуКыргызстан тарыхыАбдыкадыр ОрозбековОрто Азия🡆 More