Жүз жылдык согуш (1337-1453) - Англия менен Франциянын ортосундагы согуш.
Жүз жылдык согуштун башкы себеби: Англия (12-кылымдын орто чени) басып алган Франция жерлери жана бай Фландрия үчүн болгон күрөш. Согуштун 1-мезгилинде (1337-1360) англиялыктар деңизде Слейсенин (1340), кургакта Кресинин (1346), Пуатьенин (1356) жанында жеңишке жетишип, Франциянын көп жерин басып алган. Франциянын абалы оордоп, экономикасынын начарлашы элдин кыжырлануусун күчөткөн да, Париж көтөрүлүшүнүн (1357-1358) жана дыйкандар согушунун (к. Жакерия) чыгышына алып келген. Француз өкмөтү 1360-жылы Бретанда түзүлгөн келишимдиноор шарттарын аргасыз кабыл алган. Англия басып алган аймактарда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 14-кылымдын 70-жылдарында француздар англиялыктарды дээрлик бүт кууп чыккан, бирок бул ийгилик феодалдардын ич ара талаш-тартышынын кесепетинен андан ары бекемделген эмес. 15-кылымдын башында англиялыктар согушту кайра баштап, Азенкурдагы (1415-жылы 25 октябрь) жеңиштен кийин Түндүк Франция менен Парижди ээлеген. Ошондо англиялык баскынчыларына каршы бүт француз эли көтөрүлгөн. 1429-жылы Жанна д’Арк баштаган француздар англиялыктарды кыйратып, Орлеанды курчоодон куткарган. 1436-жылы англиялыктар Парижден куулуп чыгарылып, Шампань (1441), Мен жана Нормандия (1450), Гиень (1453) жана башка аймактар бошотулган. Жүз жылдык согуш Бордодо (19. 10. 1453) англиялыктардын жеңилиши менен аяктап, борборлошкон Франция мамлекетин түзүүдө маанилүү этап болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жүз жылдык согуш, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.