Жыгач ооз комуз - кыргыздын эң байыркы тилдүү какма музыкалык аспабы.
Ал сары жыгач, жылгын, шилби жана башкадан сызгычтай жукартылып, ортосуна өзүнөн тил чыгарылып жасалат. Тилдин түп жагы ичке көзөлүп, жип тагылат. Жыгач орто комуздун жаагын эриндин арасына коомай коюп, тилине бекитилген жипти кагуу аркылуу үйлөп (же дем тартып) ойнолот. Узундугу. 15-20 см, туурасы 2,2-5 см, жукалыгы 1,5 см, тилинин узундугу 10-15 см, жиби 25-30 см. Эл арасында 3-4 түрдө жасалышы белгилүү. Доошу жапыз. Көбүнчө обон-күүлөр аткарылат. Жыгач ооз комузчулар ансамбли Ала-Бука районунда (жетекчиси Ш. Жоробекова,1969), Ош педагогикалык. институтунда (1975) уюшулган. «Камбаркан» этнография. фольклордук ансамблинде, «Ордо сахна», «Азадабегим» фольклордук топторунда ойнолуп жүрөт, жеке да аткарылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жыгач ооз комуз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.