Жумабаев Эсенгул - (9.
7. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району Шабдан айылы) композитор, дирижёр, сүрөтчү, Кыргыз ССР эл артиси. (1987), КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). Кыргыз ССРинин искуствого эмгек сиңирген ишмери (1974). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1961), Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни (1972) бүтүргөн. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде кыякчы (1958-64), дирижёр (196472), башкы дирижёр жана көркөм жетекчи (1978-86), филармониянын көркөм жетекчиси (1989-93), 1993-жылдан «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук тобунун көркөм жетекчиси. Жумабаев 100дөн ашуун ыр-күүлөрдү оркестр үчүн иштеп чыккан, анын ичинен К. Орозовдун «Насыйкат», Ш. Шеркуловдун «Жүрөк толкуйт», «Марш камбаркан», Ы. Тумановдун «Паровоз» жана башка, элдик ыр «Сарой», М. Баетовдун «Кыздар ай!», А. Огомбаевдин «Жаштарга» жана башка бар. Үч бөлүмдүү эпикалык симфониянын, «Кыргызстан», «Карагул ботом» симфониялык поэмаларынын, спектаклдер үчүн музыканын, аспаптык чыгармалардын автору. «Камбаркан» ансамбли менен чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Сүрөтчү катары чыгармаларынын автордук көргөзмөсүн өткөргөн (2003-04).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жумабаев Эсенгул, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.