Жолдубай Каипов 1946-ж.
11-августа Ат- Башы районундагы Жаңы Күч айылында туулган. 1984-ж. 23-мартта аталган жерде каза тапкан. КРнын эмгек сиңирген артисти. Обончу, аткаруучу , диктор. 1974 ж. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн.
1965 -1973-ж.ж. Кыргыз опера жана балет театрында солист
1973 -1984-ж.ж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор.
Орто Азия республикаларынын жана Казакстан ортосунда өткөрүлгөн ”Эң мыкты диктор” конкурсунун жеңүүчүсү.
Көптөгөн телеберүүлөрдү айрыкча “Ыр кесени” көркүнө чыгара алып барган.
70 тей обондун автору. Ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Атам менен энеме”, “Көл үстүндө”, “Жашчылык, “Алгачкы кадам”, “Кел бийлейли, ырдайлы.” ж.б. ырлары элге кеңири белгилүү.
“Ырлар” аттуу обондор жыйнагы жарыкка чыккан.
cattegory:персоналия
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жолдубай Каипов, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.