Жандама мүчө - аныкталгычтан кийин келип, анын заттык белгисин, кээде сыпаттык белгисин билдирүүчү аныктоочтун өзгөчө түрү: Үмөт уста.
Бурмаке апам, Канат карыя, Акмат молдо. Чолпонбай баатыр ушул мектепте окуган. Динара тентек китепти көп окуйт ж.б.
Жандама мүчө талапка жараша, кээде аныкталгычтан мурда да жайгашып айтылат: Манас баатыр - баатыр Манас, Ормуш уста - уста Ормуш, Зарыл мугалим - мугалим Зарыл.
Кыргыз тилинде Жандама мүчөнүн орус тилинен оошуп кирген жаңы түрү да колдонулат. Андай Ж. М. аныкталгыч менен кошо айтылып, анын кошумча кесибин, кошумча маанисин билдирет: инженер-электрик, инженер-механик, телефон-автомат, врач-терапевт, учкуч-истребитель ж.б.
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жандама мүчө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.