Бүткүл Дүйнөлүк Спид Менен Күрөшүү Күнү

СПИД жана анын пайда болушу

Бүткүл Дүйнөлүк Спид Менен Күрөшүү Күнү

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн.Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

Тарыхы

1981-жылы АКШдан жай айында Гаити мамлекетинен келишкен жалаң эркек мейман жарандардан 5 учур далилденген. Дарт героин колдонгон гемосексуал, гемофилик адамдардан байкалган (Төрт-Г). Натыйжада 1981-жылы алгачкы конференция өткөрүлүп, коңгуроо кагылган.СССРде 1985-жылы чет элдик жарандан КИЖКнын (кишинин иммундук жетишсиздигинин козгогучу) биринчи учуру катталган жана маалымат өтө жашыруун сыр катары сакталып, ал ачык айтылган эмес. 1986-жылы америкалык айым каза таап, ал иммундук жетишсиздиктен көз жумганы белгилүү болгон. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан СПИД боюнча глобалдык программа негизделген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Акыры БУУ 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алган. Дал ушул жылы Кыргызстанда КИЖК алып жүргөн эң биринчи учур катталган.

Ооруу тууралуу

БУУнун "Бириккен программасынын" баяндамасы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 2008-жылы Жер шарында 430 миң ымыркай иммундук жетишсиздик, демек, СПИД менен төрөлгөн. Натыйжада 15 жашка чейинки КИЖК алып жүргөн балдардын саны 2,1 миллионго жеткен.

17 жыл аралыгында Кыргызстанда 5 миңден ашуун жаран иммундук жетишсиздик козгогуч жана кабылдоо менен ооругандыгы айтылган. Ал эми 2005-жылга чейин Теңир-Тоо жергесинде СПИД менен ооруган адам жок деп эсептелсе, 2013-жылы алардын саны 57 адамды түзгөн. Алардын ичинен төртөө ушул дарттан каза болгондор. 2016-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзгөн, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6617ге барабар болгон. ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаштагылар. Өлкөдө ВИЧ-инфекцияны аныктоочу 46 лаборатория бар. 2016-жылдын 1-декабрына карата өлкө боюнча ретровируска каршы терапияны 2574 адам алган. Алардын ичинен 412си кичинекей балдар. Ал эми шприцти алмаштыруучу 37 пункт иштээри маалым болгон.

Шилтемелер

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

БанкБир сомАдам укуктарыСалыкКутадгу билигЫктымалдуулук теориясыТынч океанЫшкынИнфляцияМахмуд КашгариСауд АрабиясыТүштүк ЕвропаТайлак баатырЧүчөк (энтеробиоз)Татаал сөздөрСогушОтоо чөпАкындар поэзиясыКычкылтекАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЭтикаПризмаСибирь кыргыздарыБилим берүүАзербайжанОкутуу методуМанап бийКалык АкиевКызыл китепАлгачкы СоветтерМакал лакапБиосферадагы глобалдык көйгөйлөрЖер-суу реформасыОш мамлекеттик университетиСөз түркүмүЭр ТабылдыМектепке чейинки куракҮнсүз тыбыштарДаникеев, ӨскөнInstagramКызамыкСуу ЧечекТоктогул ГЭСиКаада- салттар,ырым-жырымдарӨтмө мааниНасыяКыргыз элдик оозеки чыгармаларБөлүп чыгаруу системасыПакистанКокон хандыгыКулакМаалымат технологиясыИталияДиалектилик лексиканын пайда болуу жолдору жана булактарыТуз (химия)Мухаммед кыргызДинамика (механикада)ПоэзияСынган кылычНатрийСан атоочОрусияТүрк кагандыгыКан агууТыбышКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыСак цивилизациясыАтлантика океаныБарпы АлыкуловПлутонКоёндор жапайыБиологияПланетаКыргыз Республикасынын Кызыл китебиЖоон ичеги🡆 More