Брюссель: Бельгиянын борбору

Брюссель (нидерл. Brussel , фр. Bruxelles ) – Бельгия Королдугунун борбор шаары.

Сенна дарыясынын боюнда жайгашкан. Брабант провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 1,4 млн (2009; 2,1 млн, шаар айланасы менен). Ири жолдор, порт, каналдар тоому. Завентем Эл аралык аэропорту бар. Улуттук жана чет өлкөлүк көп банктардын башкармалары; түрдүү машина куруу (анын ичинде автомобиль жана прибор куруу), электр-техникалык, химиялык, тамак-аш, фармацевтика, парфюмерия, полиграфия, булгаары, жеңил өнөр жайы бар. Кустардык жол менен тор, килем токуу байыртадан эле колдонулуп келген. Зергерчилик өнүккөн. Метрополитен, университет (1834-жылдан), Географиялык институт, Искусство жана ИА, Пастер институту иштейт. Эски жана заманбап искусство, Королдук көркөм өнөр жана тарых музейлери жана башка бар; Брюсселде Эл аралык конференциялар, съезддер өткөрүлүп турат. Брюссель – 12-кылымдын 2-жарымынан Брабант герцогдугунун башкы экономикалык борборунун бири. Мында Брабант герцогдорунун (кийинчерээк Нидерланддагы Габсбургдардын наместнигинин) резиденциясы болгон. Нидерланд революциясынын жүрүшүндө 1576-ж. 4-сентябрда Брюсселде чыккан көтөрүлүш өлкөнүн түштүгүндө исиандык үстөмдүктү жок кылган, бирок 1585-ж. испан аскерлери шаарды кайрадан басып алган. 1830-ж. Бельгия мамлекети түзүлгөндөн кийин, Брюссель анын борбору болгон. 1914–18-, 1940–44-жылдарда герман аскерлери басып алган. Брюсселде НАТОнун штаб-квартирасы, Европа Экономикалык Союзунун, Бенилюкстун борбордук органдары жайгашкан. 1958-ж. Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өткөн. 11–19-кылымдагы көптөгөн архитектуралык эстеликтер, готика стилиндеги ратуша (15-кылым) жана собор (13–15-кылым) сакталган. Шаардын тарыхый борбору, 90 метрлик коңгуроолуу готика стилиндеги ратуша Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Брюссель
нидерл. Brussel
фр. Bruxelles
Брюссель: Бельгиянын борбору
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Бельгия

Облус түрү

регион

Облус

Брюссель борбордук региону

мэр

Фредди Тилеманс

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

VI кылым

Биринчи белгиленген

966

Аянты

32,61

Бийиктиктиги

13

Калкы
Калкынын саны

163 210 (2011)

Жыштыгы

адам/км2

Агломерациясы

1 831 742

Этнохроним

брюссельдик, брюссельдиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+1

http://www.bruxelles.be/


Колдонулган адабияттар

Tags:

Нидерланд тилиФранцуз тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ТишГенетикаАз кандуулукБиогеоценозБиотехнологияБеларусьЖайлооКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиКонфликтРоботЖумурткаИтБишкек баатырИшкердикКара кытайлар (кара кидандар)Тыныш белгилериБарсбек каганТайлак баатырКыргыздын улуттук кийимдериСтамов АсанбекБаткен облусуДабан мамлекетиЖакиев БексултанАйсулуу ТыныбековаЯдро (биология)Күкүрт кислотасыСелБиринчи дүйнөлүк согушКөкө уулу ЖеңижокТууранды сөзТянь-Шандын түштүк тизмегиБаңгизатИранОрозов КарамолдоЭлектр энергетика системасыЗат алмашууКыргызстандагы коло дооруИспанияБелок структураларыЭлементтер мезгилдик системасыЖек ЛондонЭнергияКошожашЖөндөмө категориясыДүйнөлүк диндерФантастикаЖыл мезгилдериУран (планета)Эпос“Алтын кыз” (драма)Риторика.Риторика илими.Кош сөздөрБаш мүчөБакайКитептин тарыхыЖезСак уруусуИлбирсКислоталар жана негиздерАрхаизмМамлекеттик башкарууЖеңиш КүнүБаш сөөкЖүрөкВолейболАнтонимТериРадиоактивдүүлүкЖалал-АбадЫсык-Көл облусуКыргызстандагы жаан-чачындарУйгур кагандыгыКызылча (оору)Көп маанилүү сөздөрАйлана чөйрөнү коргооКыргызстандын герби🡆 More