Ашыралиев Кемел Жакешевич (18.11.1942-ж.
т., Нарын району, Миң-Булак айылы) — эл депутаттарынын Нарын облустук Кеңешинин төрагасы, облустун администрация башчысы-акими (1991—94).
1960-ж. Бишкек финансы-экономика техникумун, 1966- ж. Кыргызстан айыл чарба институтун, 1975-ж. Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүткөн.
1956-ж. Куйбышев атындагы колхоздо эсепчи, экономист-пландоочу, 1966-69-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКда инструктор, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары, 1969— 71-ж. комсомолдун Кант райкомунун, 1971—75-ж. Нарын обкомунун 1-катчысы, 1975—79-ж. Кыргызстан КП Ат-Башы райкомунун 2-катчысы, 1979—81-ж. Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын орун басары, 1981—83-ж. Кыргызстан КП Ак-Талаа райкомунун 1-катчысы, 1983—88-ж. Нарын обкомунун катчысы, 1988—91-ж. Тянь-Шань райкомунун 1-катчысы, 1994—97-ж. Панфилов районунун администрация башчысы-акими.
Ат спортунун чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыргычы (1996). Боогачы, Мусанын обондорун ийине жеткире ырдаган чебер аткаруучу. Өз обондору да бар. Кыргыз Республикасынын "Жогорку Кеңешинин депутаты (1990—95). "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ашыралиев, Кемел Жакешевич, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.