Ар-намыс — адамдын эл жана коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип, ойлогону менен кылганын адамгерчилик абийири менен баалай билишин туюндурган коомдук-этикалык категория.
Бул абийир, уят деген түшүнүктөргө маанилеш.
Ар-намыс — адамдын жүрүштурушун, турпатын баалай турган өтө маанилүү моралдык касиет, адеп фактору. Моралдык ченемдер менен эрежелерди, коомдук парызды аткаруу ар-намыска байланыштуу. Коомдук максат менен мүдөө ― ар-намыстын негизи. Керт баштын мүдөөсүн коомдук мүдөөгө баш ийдирип, коомдук мүдөөнү жогору коё билүү ар-намыстуулуктун эң мыкты көрүнүшү болот. Кимдин ар-намысы кандай экенин эл баалайт. Адамдын адамдык сапаты ар-намыстын тазалыгынан көрүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ар-намыс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.