Алкендер

Алкендер (этилен углеводороддору, олефиндер) – мол-сында чектүү углеводороддон эки суутек атому кем болуп, көмүртек-көмүртек атомунун ортосунда бир кош байланышы бар бирикмелер.

Жалпы формуласы СnН2n. А. эң жөнөкөй өкүлү этилен СН2=СН2. XVIII к. этилен менен хлор реакцияга киришинен май сыяктуу суюктук (дихлорэтан) алынган. Ошондуктан голл. окумуштуулар этиленге «май тектүү газ» же «олефин», ал эми жалпы эле бул класска тиешелүү бирикмелерге «олефиндер» деген ат беришкен (лат. «gaz olefiant» - май тектүү газ). А. эң жөнөкөй өкүлү этиленден баштап суутек атомун удаалаш метил радикалы менен орун алмаштыруудан алардын гомологиялык катары келип чыгат. Олефиндин изомерлери саны, мол-нын тармакташуусуна гана эмес кош байланыштын жайгашышына да көзкаранды болот. О. эле геометриялык изомерлер да мүнөздүү. Демек, мол-сындагы көмүртек атому бирдей болгон алкандарга салыштырганда олефиндердин изомерлери көп болот. Алардын структуралык изомерлери 4- мүчөсүнөн башталып, анын үч изомери болот. 5-мүчөсүнүн беш, 6-мүчөсүнүн он үч, 7-мүчөсүнүн жыйырма жети изомери бар. Мол-да көмүртек атомунун саны көбөйгөн сайын изомерлеринин саны да көбөйөт. А. атоо үчүн рационалдык жана илимий (IUPAC) номенклатуралары колдонулат. Мис., рационалдык номенклатура б-ча:

СН2 = СН - СН2 - СН3 СН3-СН=СН-СН3

этил этилен симм. диметилэтилен

СН3

/

H2С = С диметилэтилен

\

СН3

Илимий номенклатура б-ча олефиндер аталышы алкандар «ан» мүчөсүн «ен» мүчөсү менен алмаштыруудан пайда болот. Мис., этан-этен, пропан-пропен, гексан-гексен ж.д.у.с. Натыйжада аларга алкендер деген жалпы ат берилген. Жогоруда келтирилген бутен изомерлери илимий номенклатура б-ча: 1-си бутен-1, 2-си бутен-2, 3-си 2-метилпропен-1 деп аталат. А. жаратылышта эркин түрүндө аз кезигет. Кээ бир нефтилер курамында да өтө аз санда болот. Канада нефтисинде гана саны көбүрөөк. А. эл чарбасы үчүн керектүү кээ бир заттар алууда негизги баштапкы продукт болуп эсептелет. Ошондуктан алар негизинен синтездик ыкма менен алынат: Мис., моногалоген алкандарды дегидрогалогендөөдөн:

KOH

R–CH2-CH2ClR–CH=CH2+KCl+H2O

сп.эр.

1,2 дигалогендүү углеводородго Zn чаңынын спирттеги же уксус к-тасындагы эритмесин таасир этүүдөн:

R–CHCl–CH2–Cl+Zn  R–CH=CH2+ZnCl2

спирттерди дегидратациялоодон алынат:

H2SO4

RCH2–CH2OH R–CH=CH2+H2O

Өнөр жайларда А. алкандарды крекингдөөдөн жана дегидрлөөдөн жана башка ыкмалар менен алынат. А. алкандан айырмаланып, хим. реакцияга активдүү кирет. Реакция p- байланыш үзүлүшү менен жүрөт, башкача айтканда аларга кошуп алуу, полимерлешүү реакциясы мүнөздүү. Кошуп алуу реакциялары, гидрлөө, галогендөө, суутек галогенди, сууну кошуп алуу менен жүрөт:

R-CH=CH2+Br2 R-CH-CH2;



Br Br

R-CH=CH2+H2R-CH2-CH3;

CH2=CH2+HClCH3-CH2Cl.

Симметриясы жок А. суу, суутек галогенди Марковников эрежеси б-ча кошулат (к. Марковников эрежеси). А. жеңил окистенет да, окистендиргичтерге жана реакция шартына жараша ар кандай заттар пайда кылат. Миc., Е.Е.Вагнер (1888) реакциясына кирип, гликолдорду:

3R-CH=CH2+2KMnO4+4H2OR-CH-CH2+



OH OH

+2MnO2+2KOH

озонду таасир кылуудан карбонилдик бирикмелер (RCHO жана RRCO) жана суутек пероксидин пайда кылат. А. техникадагы негизги реакциясы полимер пайда болуусу (полимерлешүү реакциясы). А. орун алмашуу, изомерлөө реакциялары да мүнөздүү. А. ө.ж-да жөнөкөй жана арзан отун гана болбостон өндүрүштө өтө керектүү баштапкы зат болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

УсундарКөк жөтөл«Кыргыз» этнонимиInternational Standard Book NumberКөк дептерМамлекеттик башкарууСүмөлөкКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиУйкашСтильЛегендаКрылов Иван АндреевичОндук эсептөө тутумуУран (планета)Манастын туулганыПедагогикалык изилдөө методдоруОблигацияФольклористика же фольклор таанууТамак сиңирүү системасыАк кеме (тасма)Эмгек кодекси«Көкөтөйдүн ашы»АнглияБиосфераБаланын психикасынын өөрчүшүКуранБиоценозБөлүкчөКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаКөбөйтүүЖоопкерчиликКызыл китепСимметрияНептунКүн тутумуЛирикаЖатындан кан агууКырк чороМахабат дастаныТоо арасында (роман)Кожомбердиев ТурарТабиятОгуз намеСөздүн маанисиБездерАлгачкы коомМурунКошууФольклордун түрлөрү жана жанрларыТолубай сынчыКыргыздын улуттук кийимдериАфрикаЧатыр–КөлСүйүнбай ЭралиевСеметей эпосуМолдо НиязНейронЛексикологияӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиВитаминдерОмонимАзияКлеткаОш облусуКыргыз киносуОномастикаКубанычбек МаликовКелмеИндияИнсанМектепке чейинки тарбияБолмуш (философия)Батыш түрк кагандыгыПротоколЖарык ылдамдыгыГеометриялык оптикаКаныбек🡆 More