Айчүрөк: Семетейдин жубайы

Айчүрөк — Манас үчилтигинин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн негизги каармандарынын бири.Семетейдин аялы, Сейтектин апасы, Манастын келини болгон.

Манасчылар Айчүрөктүн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат. Саякбай Каралаевдин вариантында оогандын каны Акун перинин жаңы төрөлгөн кызын талаадан таап алып тарбиялагандыгы айтылат.

Айчүрөк: Семетейдин жубайы
Б. Жумабаев. Айчүрөк.

Айчүрөк катышкан окуянын чордону «Семетей», «Сейтек» эпосторуна тиешелүү болсо да Акун менен Манас бел куда болушканы эпостун «Манас» бөлүмүндө эле айтылат. Эпостун кийинки бөлүмдөрүндө Айчүрөк Семетей баатырдын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон акылдаш, сүйгөн өмүрлүк жарына жана баласы Сейтекти калкалап өстүрүп, калкына кошкон камкор энеге айланат. Айчүрөк менен Семетей буйруктуу, акыры кошула турган жубайлар экенине карабастан бири-бирин азап чегип издеп, ар кандай тоскоолдуктарды басып өтүшөт. Айчүрөк ак куу кейпинде кубулуп учуп Семетейди тапса, Акшумкарды издеген Семетей акыры А-кө кабылат. Муну менен эпоско таандык салттуу баатырдык үйлөнүү сюжетиндеги буйруктуу колуктуларды кайдан да, кандай да болбосун издеп таап алуунун көөнө ыкмасы сакталган. Айчүрөктүн түрдүү нерсеге (ак кууга, ак булага, ак балыкка, торгойго) кубулуу жөндөмдүүлүгү анын байыркы мезгилдердин мифтик-жомоктук катмары басымдуу сакталган көрүнүктүү каарман экенин көрсөтөт. Анын сыйкырчылык касиеттери «Семетейде» ачык-айкын көрүнөт. Окуянын реалдуу жүрүшүнө байланыштуу Айчүрөк жөнөкөй эле пенде катары аракеттенип, зарыл учурларда сыйкырчылыгы көмөктөшөт. Айчүрөк кубулганда кадимки Ак куу:

    Кукулуктап жорголойт,
    Куудан бөлөк үнү бар.
    Куйругу менен кум сабайт,
    Канаты менен жер сабайт,
    Толкуп жүнү бөлүнөт,
    Кукулуктап унчукса
    Жез комуз үнү көрүнөт (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 552-инв., 144-б.).
Айчүрөк: Семетейдин жубайы
Айчүрөктүн өргөөсүндө «Айчүрөк» операсынан.

Айчүрөктүн образындагы мифтик айрым мотивдер элдик оозеки чыгармачылыктын эволюциялык өнүгүшүнүн узак жолунда алгачкы булактарынан кескин айырмачылыкка ээ болуп, мифтик башатынан алыстап фольклордук каарманга айланган. Анын образы түз сызыктуу эволюциялык өнүгүүгө ээ болбостон, өз жолунда башка элдердин мифологиялык-жомоктук түшүнүктөрүндө жаралган, өзүнө жакындыгы бар типтеш образдар менен да контаминациялана баштаганы байкалат. Айчүрөктүн образындагы өзгөчөлүк кадимки турмуштук шарттар менен кошо кыялдан бүткөн сапаттардын адам ишенээрлик деңгээлде жуурулуша келишинде. Манастын өмүрүндө Каныкей кандай мааниге ээ болсо, Семетейдин турмушунда Айчүрөк да ошондой. Каныкейге баатырдык, уздук, сарамжалдуулук мүнөздүү болсо, Айчүрөктө ашкан сулуулук, сыйкырчылык, аялдык назиктик жана кирсиз таза сүйүүнү жогору баалоочулук басымдуулук кылат. Анын жеке керт башына таандык жандан башкача сырдуулук, сыйкырдуулук керемети кадимки эле жакшы аялга мүнөздүү акылмандык, кыраакылык, уздук, сарамжалдуулук сыяктуу мыкты сапаттар менен толукталган. Айчүрөк өзүнүн сулуулугу, кирсиз таза аруулугу менен гана Семетейге жуп келбестен, айрым учурда анын ажалына аралжы болуп, керек учурда ордун басып ишин уланткандыгы менен «Сейтек» эпосунда да өз аброю менен болот. Айчүрөктүн Семетей өлгөндөн кийин Кыяска баш кошууга моюн сунуп көнүшү, баатырдан калган туякты жетилтип өз элине кошушу өңдүү мотив менен байланышкан. Айчүрөк «Сейтекте» болочок баатырдын өмүрү үчүн кам көргөн мээрман эненин гана милдетин аткарбастан, кордукта калган элинин тагдырына кабыргасы кайышкан патриот да. Жоо бетинде дайынсыз жоголгон Семетейди издеп табууга зор күч жумшаган туруктуу жар да. Сейтекти чоңойтуп, кыргыз жерине алып кетүүдөн мурун Күлчорону дарылоодо, Кыястан өч алууда, Желмогуз уулу Сарыбайдын баскынчылыгынан кутулуш үчүн жардамга Куялы аттуу балбан кызды таап, чакырып келүүдө да Айчүрөктүн кызматы зор.

Айчүрөк — каргышы ката кетпеген «тилинде мөөрү, тишинде сөөлү бар» магиялык күчкө ээ каарман. Ал «Семетейде» кара ташты дубалап, аба ырайын өзгөртүп табиятты башкарса, «Сейтекте» кыргыз баатырларынын жеңиши үчүн Кыястын Тооторусунун тилин байлап, уйга жеткис чобурга айлантат. Айчүрөктүн учушун, ок түшүргүч касиетин, аярлыгын элдин кыялында жашаган дарыгерликтен, жаратылышты башкарууга болгон далалатынан ажыратып кароого мүмкүн эмес. Ушулардын бардыгы мифти жараткан байыркы коомдун алга умтулуусу, тилеги. Бирок ал мифтик образ эмес. Каныкей сыяктуу эле көп түйшүккө ылайыктала жаратылып, өзүнүн аруулугу, нукура жомоктук касиеттери менен «Семетей», «Сейтек» "Манас" эпосундарунун көркөмдүгүн, кызыктуулугун арттырып турган толук кандуу эпикалык көркөм образ.

«Айчүрөк» (ЦУМ)

«Айчүрөк» (ЦУМ)— Айчүрөктүн ысмынан аталган Бишкек шаарындагы борбордук дүр-дүйнө дүкөн (Чүй проспекти, 155). Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата курулуп, 1974-ж. ачылган.

Колдонулган адабияттар


Tags:

МанасчыСаякбай Каралаев

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Аң-сезимАдеп тарбиясыБайыркы кыргыздарГеографиялык кабыкКылмышАтлантика океаныАлай өрөөнүЭволюцияКудайлар тууралуу мифтерСадыр ЖапаровЖарык дисперсиясыКара кытайлар (кара кидандар)Каада-салтКалпакДүйнөнүн жети кереметиМоральИтМакал лакапПродуценттерБулутМахабхаратаМанастын туулганыСвейлерМарсАйчүрөкКөк бөрүШаркыратмаМанасМеталл эместерБөйрөк оорусуАба ырайыДинамика (механикада)Манас (чоку)Ысык-Көл облусуКуймаларПланеталардын жандоочуларыОрфографияАлымбек даткаКыргызстан тарыхыБиринчи дүйнөлүк согушКөркөм өнөрБарпы АлыкуловШарКалктын иш менен камсыз болуусуАрменияБайыркы РимКан группаларыБюджетБөйрөк ишинин начарлашыАлфавитКайра курууЭмчектеги балаЛирикаМорфологияБир сомАбай КунанбаевСүт эмүүчүАминдерМиграцияКыргыз Республикасынын БаатырыИсторизмдерМанас эпосунун идеясыЖылдызСууКанай уулу БайтикБиосфераны булгооБиотехнологияКоомКыргыз Республикасынын экономикасыБеш миң сомТилАксонометрияСийдикТуберкулёзБакайКыргыз урууларыСуу, суутек оксидиАстрономияТиш🡆 More