Аденозинтрифосфат (АТФ), С10Н16N5О3Р3 - аденин, рибоза жана үч мол.
фосфор к-тасынын калдыктарынан турган, сууда жакшы эрүүчү, туруктуу туздарды пайда кылуучу, түссүз кристалл. Ал жаратылышта дээрлик бардык тирүү организмдер курамында кездешет. Анын мол-сындагы Р-О-Р байланыштар гидролиз реакциясына оңой кирип - 8-11 ккал/моль энергия бөлүп чыгаргандыктан тирүү организмдин негизги энергетикалык заты болуп эсептелет. АТФнын энергиясы тирүү организмде негизинен биохим. реакцияларга жумшалат жана булчуңдар иштешинде маанилүү роль ойнойт. Ал организмде ферменттердин жардамы менен АДФдан жана фосфаттардан синтезделет. АДФ +Н3РО4gАТФ.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аденозинтрифосфат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.