Үнсүз Тыбыштар

Үнсүз тыбыштар.

Кыргыз адабий тилинде 25 үнсүз тыбыш бар. Алар: [б], [в], [г], [д], [ж], [й] [з], [к], [л], [м], [н], [ң], [п], [р], [с], [т], [ф], [х], [ц], [ч], [ш]. Үнсүз тыбыштар үндүүлөргө караганда саны жактан арбын жана жасалышы боюнча да ар түрдүү. Ошондуктан алардын классификациясы бир топ татаал.

Үнсүз тыбыштар төмөнкү белгилери боюнча классификацияланат:

  • 1)Үнсүздөрдүн жасалышындагы үн менен шыбыштын катышуу даражасы;
  • 2) Жасалуу орду;
  • 3) Жасалуу ыгы;
  • 4) Түгөйлөштүгү.
  • 1) Үнсүз тыбыштар жасалышындагы үн менен шыбыштын катышуу даражасына карай жумшак, каткалаң жана уяң болуп бөлүнөт.
  • Жумшак үнсүздөр үн менен шыбыштын бирдей катышы менен жасалат. Алар: [б], [в], [д], [з], [ж], [г].
  • Каткалаң үнсүздөр жалаң шыбыштын катышы менен жасалат. Алар: [п], [т], [с], [ш], [ч], [к], [х], [ф].
  • Уяң үнсүздөр шыбышка караганда үндүн көбүрөөк катышы менен жасалат. Алар: [л], [м], [н], [ң], [р], [й].
  • 2) Үнсүздөрдү жасалуу ордуна карай бөлүштүрүүдө көмөкөйдөн ооз көңдөйүнө жана мурун көңдөйүнө өткөн абанын агымы кайсы активдүү органдын кыймылы аркылуу жолтоолукка учурай тургандыгы эсепке алынат. Бул белги боюнча үнсүздөр кош эринчилдер, эрин-тишчилдер, уччулдар, орточулдар, түпчүлдөр деп бөлүштүрүлөт.

Кош эринчилдер - астыңкы жана үстүңкү эриндердин бири-бирине кептелип калышы, ошол аркылуу абанын сыртка чыгышына бөгөт болушу менен жасалган тыбыштар: [б], [п], [м].

Эрин-тишчилдердин айтылышында үстүңкү тиштерге астыткы эрин тийишет да, абанын агымын бөгөп турат. Алар: [в], [ф] тыбыштары. Уччул үнсүздөрдүн артикуляцияланышында тилдин уч жаккы бөлүгү активдүү катышат, б.а. абанын агымына тилдин учу тоскоолдук кылат. Алар: [т], [д], [с], [з], [ш], [ж], [л], [н],[р].

Орточул үнсүздөр тилдин орто бөлүгү катуу тандайга көтөрүлгөн абалында жасалат. Абанын агымына бөгөт болуучу органдар - тилдин орто бөлүгү менен катуу таңдай. Мындай тыбыштар: [й], [г], [к], [ж], [ч].

Түпчүлдөрдүн жасалышында абанын агымына бөгөт болуучу органдар -жумшак таңдай менен тилдин арт жаккы бөлүгү. Мындай тыбыштар: [к], [г], [ң], [х].

  • 3) Үнсүздөрдүн жасалышына материалдык база болгон шыбыш абанын агымынын түрдүүчө жолтоолукка учурашынан улам келип чыгат. Бирок бул жолтоолук үнсүздөрдүн жасалып чыгуу процессинде жоюлат, ансыз үнсүз тыбыштардын эч бирөө да жасала албайт. Жолтоолуктун жоюлуш ыкмалары түрдүүчө, алар үнсүздөрдүн жасалыш ыгы боюнча бөлүштүрүүдө негизги белги катары алынат.

Жасалыш ыгы боюнча үнсүздөр - жарылма, жылчыкчыл, мурунчул, капталчыл, дирилдеме, бириккен (аффриката) болуп бөлүнөт. Жарылмаларга төмөнкү үнсүздөр кирет: [б], [п], [д], [т], [к]. Бул тыбыштардын айтылышында аба бири-бирине кептелип бириккен органдардын (эки эриндин, тил менен таңдайдын, тил менен тиштердин ж.б.) арасын жарып өтөт. Абанын сыртка чыгышы кескин жана тез болот.

Жылчыкчылдар: [в], [г], [ж], [з], [й], [с], [ф], [х], [ш]. Бул тыбыштардын айтылышында сүйлөө органдары (тил менен таңдай, же тил менен тиштер) бири-биринге тиер-тийбес болуп жакындашып, өтө кууш жылчыкча түзүлөт. Абанын агымы ушул кууш өткөөлдөн сызылып өтөт. Мурунчулдар: [м], [н], [ң] тыбыштары. Бул тыбыштарды айтканда аба мурун көңдөйү аркылуу өтүп, тыбыш сүйлөө органдарынын бири-бирине кептелип калышы аркылуу жасалат. Капталчыл: [л] тыбышы. Бул тыбыштын айтылышында тилдин учу үстүңкү тиштерге такалып, аба тилдин эки капталындагы ачыктар менен өтөт. Дирилдеме: [р] тыбышы. Бул тыбыштын айтылышында тилдин учу ичмекей тартып, катуу таңдайга тийишет жана дирилдөө абалында болуп турат.

Бириккен үнсүздөр (аффрикаталар):  [ж], [ч], [ц], [щ] тыбыштары . Бул тыбыштар жарылма үнсүздөрдүн элементи менен башталып келип, жылчыкчылдардын элементи менен аяктала турган татаал жасалыштын натыйжасы болуп саналат. Мисалы, [ц] тыбышы [т]+[с]; [ж] тыбышы [д]+[ж]; [щ] тыбышы [ш]+[ч]; [ч] тыбышы [т] + [ш] тыбыштарынын айкалышуусу катары каралат. 
  • 4) Кыргыз тилинде 6 түгөйлүү үнсүз бар. Алар: б-п, в-ф, д-т, г-к, з-с, ж-ш. Бул түгөйлөрдүн бири жумшак, экинчиси каткалаң үнсүз тыбыш. Түгөйлүү үнсүздөр оозеки речте айрым учурларда бирин-экинчиси алмаштырып айтыла берет, анткени артикуляциялык жактан бири-бирине өтө жакын.

Калган үнсүз тыбыштар түгөйсүздөр деп аталат. Ошентип, кыргыз тилинин тыбыштык курамын түзгөн тыбыштар жана фонемалар, алардын бөлүнүшү тууралуу маалыматтар фонетикалык процесстерди өздөштүрүү жана фонетикалык талдоолорду жүргүзүү үчүн керек болгон эң маанилүү элементтерден болуп саналат. В-ф

Tags:

Тыбыш

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ДаракАрстанбек Буйлаш уулуТабигый ресурстарГенФонетикаСүмөлөкӨнүгүүЖазгыч акындарТерроризмМээЭр ТөштүкЖамийла (повесть)Таң алдында (роман)Чечендик өнөрКыргызстан көмүр кендериАаламПопуляцияИсламМуун (лингвистика)ЭкстремизмЭкинчи дүйнөлүк согушВолейболОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууФольклордун түрлөрү жана жанрларыТермелүү контуруАк калпакМанкуртБорбордук нерв системасыЛирикаФилософияОкутуу методуОномастикаКожожашМамлекетЭмгек укугуБеш-арал мамлекеттик коругуБилимБышыктоочторИбадатАйыл чарбаЛегендаЖүлүн нервдериОрхон-Энесай Жазууларынын ЭстеликтериЖандоочПсихологияТөл сөзУсубалиев Турдакун УсубалиевичКыргыз оюм чийимдериТилИхлас сүрөсүАпрель революциясыЖынысЭволюцияАсептикаСөөк системасыКан басымыБенжамен Блумдун таксономиясыСеметейдин туулганыОмонимИммунитетОрозоЖөндөмөНоорузМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыАбдылдабек Алымбек датка уулуЭнесай кыргыздарыМүчөНейронБайыркы грек философиясыКыргыз-Казак согушу (1846)Кол өнөрчүлүкСюжетУйгур кагандыгыМетонимияИсламдагы беш парзКыргызстандын токойлору🡆 More