Чарльз Диккенс

Чарльз Диккенс (7.

2. 1812, Улуу Британия , Лендпорт – 9. 6. 1870, Гейдсхилл) – англиялык жазуучу. Туңгуч чыгармасы – «Боздун очерктери» (1836). 1837-ж. Д. «Пиквик клубунун жазмалары» аттуу роман жазган. Адегенде реалисттик сатира жазууга аракеттенсе, ки йин сынчыл реализм жолуна өткөн. «Оливер Твисттин укмуштуу окуялары» (1838) аттуу романында кедей-кембагалдын, жумушсуздардын ачкадан өлүшүн баяндаган. Бирок роман «кайрымдуу» капиталисттердин жеңиши менен аяктаган. «Николас Никльбинин өмүрү жана жоруктары» (1830) романында мектеп окуучуларын тарбиялоонун зулумчул ыкмаларын ашкерелеген. «Мартин Чезлвит» (1844) романында Түштүк Америкада залимдердин негрлерди кул кылышын, бурж. коомчулукту сынга алган. «Домби жана уулу» (1848), «Дэвид Копперфилд» (1850) романдары менен Д. реалисттик чыг-лыктын айдың жолуна түшкөн. Улуу Британияда чартисттер кыймылы басылгандан кийин 1848-жылдан авантюралык романдан социалдык проблемалуу роман жазууга өткөн. Мисалы, «Муздак үй» (1853) романында окуя көп жылдык сот ишинин тегерегинде өтөт. Чыгармаларында («Кыйын кезеңдер», 1854, «Кичинекей Доррит» (1857) эзилген эл таламын талашкан. Улуу француз революциясына арналган «Эки шаар жөнүндө баян» (1859) романы Диккенстин чыгармачылыгында көрүнүктүү орун ээлеген. Диккенстин акыркы романдары: «Чоң үмүттөр» (1861), «Бардыгыбыздын досубуз» (1865), «Эдвин Друддун сыры» (1870) деген чыгармалары курч окуялуу жанрга жакын. «Дэвид Копперфилд» (1850) романы өмүр баяндык белгилерге ээ.

Чарльз Диккенс
Чарльз Диккенс.

Байланыштуу макалалар

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Tags:

Дэвид КопперфильдМуңдуу үйОливер ТвистУлуу БританияЧоң үмүттөрЭки шаардын аңгемеси

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Курманжан ДаткаСеметей эпосуТоп жылдызАбай КунанбаевЧыңгыз ханАйлана-чөйрөАрчаТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүДидактикаЖамгырМактумгулуЖайлооКеп маданиятыКаракуш мээ«Көкөтөйдүн ашы»Жүрүм-турумАрменияКаакымЧүй кыргыздарынын Россиянын курамына бириктирилишиКоопсуздук техникасыИндия элдик көтөрүлүшүКулпунайКызылча (оору)Ноокат районуАк кеме (тасма)Жаңыл МырзаКеректөөнүн улам өсүү мыйзамыАпрель революциясыКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЗат атоочЫсык-Көл облусунун табиятыСүйлөмКошожашКан тамырларТике сөзКол өнөрчүлүкКошмок сөздөрМал чарбасыСөз түркүмүХимияУзакбай АбдукаимовЖалал-АбадМанас эпосу, ЭнциклопедияҮркүнИррационалдык санЖыл мезгилдериКош сөздөрБүркүтЗаара бөлүп чыгаруу системасыЖарганатГенетикаКылым карытар бир күнТушоо кесүүЧернобыль авариясыБюджетАнтропологияЦин империясыӨзгөчө кырдаалЭнесай кыргыздарыЭки миң сомТамак сиңирүү системасыКитепМукай ЭлебаевАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМар БайжиевӨсүмдүкКомпьютердик тармакЭхинококкозЖандоочТабиятНатрийСоциалдык тармакЖайДабан мамлекетиАвстралия (континент)КоомКаада-салт ырлары🡆 More