Хассий (Hassium, Hs) – Д.
И. Менделеев мезгилдик системасы VIIIB группа элементи; к. н. 108, ат. м. 265; туруктуу изотоптору жок; терс электрдүүлүгү аныкталган эмес. Химиялык касиети боюнча осьмий аналогу. ИЮПАП жана ИЮПАК пикири боюнча №108-элемент 1984-ж. Дармштадт (ФРГ) жана Дубна (СССР) окумуштуулар тарабынан бири бирине көз карандысыз, бир мезгилде алынган (Г.Мюнценберг жана анын кесиптештери, Ю.Ц.Оганесян жана анын кесиптештери). Х. өтө аз санда алынган. Эч жерде колдонулбайт. Химиялык бирикмелери белгисиз. №108-элемент аты Дармштадт оор иондорду изилдөө борборунун ийгиликтүү иштерин белгилөө максатында Германия областы – Хассиянын атына хассий деп коюлган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хассий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.