Харви Кейтел (англ. Harvey Keitel;/ kaɪtɛl / KY-TEL; 1939-жылдын 13-майында туулган) - америкалык актер жана продюсер.
Актер "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына талапкер болгон. Мартин Скорсезенин "Такси айдоочусу" (англ. Taxi Driver ), "Жаман көчөлөр" (англ. Mean Streets), "Акыркы азгырык" (англ. The Last Temptation) тасмаларына тартылган. Режиссер Ридли Скоттун "Дуэлчилер" (англ. The Duellists), "Тельма и Луиза" (англ. Thelma & Louise) тасмаларында роль жараткан. Питер Йетстин "Энеке, банка жана "ылдамдык" (англ. Mother, Jugs & Speed), Квентин Тарантино тарткан "Кутурган иттер" (англ. Reservoir Dogs), "Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction) тасмаларында ойногон. Жейн Кампиондун "Пианино" (англ. The Piano), Абел Фераранын "Жаман лейтенант" (англ. Bad Lieutenant), Роберт Родригездин "Күүгүмдөн таңга чейин" (англ. From Dusk till Dawn), Жеймс Манголддун "Полиция жери" (англ. Cop Land), Вест Андерсондун "Ай өлкөсү" (англ. Moonrise Kingdom), ""Гранд Будапешт" мейманканасы" (англ. The Grand Budapest Hotel) жана Паоло Соррентинонун "Жаштык" (англ. Youth) тасмаларында катышкан. Азыркы учурга чейин Аль Пачино жана Эллен Берстин менен бирдикте түптөгөн Actors Studio кино компаниясынын тең төрагасы.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Харви Кейтел, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.