Ханс Кристиан Андерсен

Андерсен Ханс Кристиан (2.

4. 1805, Оденсе 4. 8. 1875, Копенгаген) - дания жазуучусу. Өтүкчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Копенгаген университетинде окуган. «Өлүм алдындагы бала» ыры (1826-27), «Амагердеги сейилдикке чыгуу» романтикалык фантазиялуу очерки (1929) менен таанылган. «Мулат» драмасында (1839), «Эки баронесса» романында (1849) феодалдык доор сынга алынган. Ошондой эле «Импровизатор» (1835) жана «Жөнөкөй скрипач» (1937) романдарында искусствонун коомдогу ролу, акын менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы конфликт көрсөтүлөт. Андерсендин 1930-40-жылдардагы элдик оозеки чыгармалардын мотивинде жазылган жомокторунда адамдар ортосундагы мамилелер менен жаратылыштын сулуулугу сүрөттөлөт, адилеттүүлүк даңазаланат. 160тан ашуун жомок жазып, алар дүйнө элине тараган. Анын «Булбул», «Көлөкө» жана башка жомоктору кыргыз тилине которулуп (1938-39), кийин өзүнчө жыйнак болуп чыккан (1959).

Ханс Кристиан Андерсен
Ханс Кристиан Андерсен (1869).

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Tags:

1805ДанияКопенгагенОденсе

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КонституцияРиторика.Риторика илими.Тыныш белгилериЖаңылмачЖүз сомШүкүрбек БейшеналиевТирсекСүт эмүүчүБиринчи мугалимЭпосСынган кылыч романындагы тарыхый фактыларМал чарбасыКөгүчкөнКылмышОшБоорЖөндөмө категориясыИталияЖөндөмөЭэрчишүүВладимир ЛенинЭпикалык текСоциалдык тармакПланеталардын жандоочуларыЖасалма интеллект деген эмне?Кокон хандыгыЭне-Сай кыргыз кагандыгыЖумушсуздукМамбетимин уулу КазыбекКыргызстан тоолоруЭкономикаБакайУзакбай АбдукаимовИррационалдык санАк батаИшеналы АрабаевТянь-Шандын түштүк тизмегиИнтерактивдүү окутууШүкүрбеков РайканТопуракКымызТоо арасында (роман)Суу ЧечекҮч бурчтукЖантай БаатырБүтүн сандарОкутуу технологиясыКыргыз Республикасынын Кызыл китебиЖусуп АбдрахмановНерв тутумуЧүй өрөөнүЧыңгыз ханНегиз (химия)КулпунайТелибай тентекСеметейВакуумЭки миң сомАт — адамдын канатыТалас (шаар)Жусуп БаласагынТамак сиңирүүТаш-РабатМанас эпосу, ЭнциклопедияБиосферадагы глобалдык көйгөйлөрСпортАллергияКоруктарГрамматикаМетафораМексикаКлетка«Кыргыз» этнонимиСабакКансыз согуш🡆 More