Футбол

Футбо́л (англис тилинен foot- бут, ball - топ) — оюндун куралы болгон топко кол тийгизбей (башка мучолор менен), аны каршылаштардын дарбазасына киргизүүдөгү гол эсебинде, атааңдаштардан алдыда турууда жеңишке жетүүчүү командалык спорт түрү.

Футбол
Футбол оюну
Футбол
Футбол тобу

Мында оюнчулар эки командага бөлүнүп топту атайын дарбазага тээп киргизүү менен бирин-бири жеңип алууга умтулат. Футбол оюну бүткүл дененин, өзгөчө буттун булчуңдарынын өсүшүнө жардам берет. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасын чыңдайт. Мындан сырткары адамды эрктүүлүккө, шамдагайлыкка, чыдамдуулукка тарбиялайт. Футбол топ менен аткарылуучу татаал техникалык кыймыл-аракеттер (чабуул коюу, коргонуу, топту баш менен сүзүү, бут менен тебүү) өзгөчө тыкандыкты талап кылат. Ал денени ар тараптан өнүктүрөт жана ден соолукту чыңдоого жакшы таасир берет. Футбол оюнун көбүнчө жаштар жана балдар ойнойт.
Балдардын спорт мектептеринде футболго көнүгүү үчүн 10—12 жаштан кабыл алынат. Өз алдынча футбол оюнун балдар 8—9 жашынан ойносо болот. Алардын оюнун атайын аянтчада (мектеп алдындагы аянт, короолордо, пионер лагерлеринде жана башкалар) уюштуруу керек. Өспүрүмдөрдүн футбол оюну чакан аянтта, чоңдордукуна караганда кыска убакытка, кичирээк топ менен ойнолот. Футбол балдардын ден соолугун чыңдайт, ынтымактуу, тартиптүү болууга тарбиялайт. Футбол менен дайыма машыгууну каалаган балдар мектептеги врачка кайрылып текшерилүүсү зарыл. Мындай балдарга футбол менен машыккандар, спорттук башка көнүгүүлөр (сууда сүзүү, жеңил атлетика жана башкалар) менен да машыгуулары талапка ылайык. Футболдо белгилүү эрежелерди сактоо керектигин эстен чыгарбоо зарыл. Анткени түрдүү травмага учуроо мүмкүн.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Англис тилиГолСпорт түрү

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жай мезгилиТамактанууКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыМуун (лингвистика)Түрк кагандыгыСынган кылычЖалбыракСпортАлмаОрганикалык эмес химияКараколАлександр МакедонскийЛатын АмерикасыТамырБаяндамаАлай тоо кыркасыМеталлАйHTMLБиосферадагы глобалдык көйгөйлөрТабышмакАйлана (математика)АңгемеБаяндоочСак цивилизациясыКыргызстандагы таш дооруКаныбекАрменияКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыМидин АлыбаевТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыТемирКислоталар жана негиздерОмографДаникеев, ӨскөнКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыСауд АрабиясыМагнийКан тамырларКыргызстандын дары сууларыКара-Кулжа районуКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыХлорКош бойлуулукНарынКыргыз ашканасыМээКөзКыргыз Республикасынын президенттериКасым ТыныстановБийликтин бөлүнүү теориясыБышыктоочТабиятты коргооКалыгул Бай уулуТабигый ресурстарОрозбак уулу СагымбайБиринчи мугалимКемтик сүйлөмФилософияОрганизмБраузерБелокТынч океанПлутонГлобалдык көйгөйлөрЫсык-КөлКыргыздын улуттук кийимдериАбсамат МасалиевКыз куумайДүйшөнкул ШопоковКарышкырларИнтеграцияКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууКоомОш коогалаңы (1990)🡆 More