Фразеологизм (гр.
– айтылыш, сөз, түшүнүк), фразеологиялык сөз айкаштар – тилдин туруктуу сөз айкаштары же сүйлөмдөр. Фразеологизмдин курамындагы сөздөр өздөрүнүн баштапкы түздөн түз, негизги маанисинен ажырап, бир бүтүнгө биригип, ойду курч, элестүү берет. Алар бир тилден экинчи тилге сөзмө сөз которулбайт, которсо мааниси бузулуп кетет. Фразеологизмдерди уюштурган сөздөр туруктуу келет, өзгөрбөйт. Адабиятта жазуучунун оюн жеткиликтүү, таамай берүүдө, чыгарманын таасирдүүлүгүн арттырууда чоң мааниге ээ.
2015-ж. Ч. Айтматов атындагы тил институту басмадан чыгарган Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнө кирген фразеологизмдер Эл-Cөздүк кыргызча-орусча котормочу жана сөздүктөр сайтында жайгаштырылган. Сөздүктү түзгөндөр: Ж. Осмонова, К. Конкобаев, Ш. Жапаров.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фразеологизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.