Улуттук парк - жаратылышы бузулууга азыраак дуушарланган, уникалдуу табигый ж.
б. объектилери бар, өзгөчө корукка алынган аймак же акватория.
Анда табиятты коргоо жана аны колдонуу көзөмөлгө катуу алынып, рекреациялык максатта (негизинен кыска мөөнөткө эс алуу жана таанып билүү туризми) пайдалануу иштери бирдей жүргүзүлөт. Улуттук паркта корукка алынган жерлер менен кошо жергиликтүү муктаждыктарды канааттандыруу үчүн уюшулган айыл чарба зоналары да болгондуктан анда айкалыштырган коргоо режими түзүлөт. Дүйнөдөгү эң алгачкы уюшулган (1872) улуттук парк: Иеллоустон (АКШда), Кыргызстанда - Аларча улуттук жаратылыш паркы (1976-ж. уюшулган). Ошондой эле к. Жаратылыш паркы макаласын.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Улуттук парк, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.