Түлкүлөр (лат.
Vulpes) - иттер тукумундагы жырткыч сүт эмүүчүлөр уруусу. Денеси созулуңку, буттары салыштырмалуу кыска.
Куйругу узун, үлпүлдөк жүндүү. Түсү кызгылт сарыдан күмүш бозго чейин, кээде дээрлик кара; мезгилдик жана геогр. диморфизм даана байкалат. Тиши жырткычтардыкындай, азуусу курч, арсагай. Түлкүлөрдүн 6-11 түрү Арктикадан башка Евразия, Африка, Түндүк Америкада кезигет, Австралияга алынып келинген. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: кадимки түлкү, карсак жана африка түлкүсү жашайт. Токойлуу тундрадан чөлгө чейин мекендейт. Ийинде жашайт. Көбүнчө майда сүт эмүүчүлөр жана куштар менен азыктанат. Жазында 51 сутка көтөрүп, 4-6, чанда 12 бачики тууйт. Кадимки түлкү уруунун чоңу, дене уз. 90 смге, куйругу 60 смте жетет. Күүгүмдө активдүү. Түлкүлөр - аңчылык жана аң чарбачылыгынын баалуу обьектиси. Айрыкча калтар (кара) түлкүнүн териси баалуу. Аң жана куш чарбасына зыян келтирет, кемирүүчүлөрдү жеп пайдалуу. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Түлкүлөр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.